Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябряда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, республика боюнча 17-ноябрдан 18-ноябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 177 кылмыш, 139 жоруктар каттоого алынган.
Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.
Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ