Menu

Мамдумага Путиндин президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору келип түштү

Бөлүшүү:

Орусиянын Мамлекеттик Думасына президент Владимир Путинге кайрадан эки жолу мамлекет башчы кызматына талапкерлигин коюуга мүмкүндүк берген мыйзам долбоору келип түштү.

Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарууну 10-мартта алгачкы аял-космонавт, учурда «Бирдиктүү Орусия» партиясынан шайланган депутат Валентина Терешкова сунуш кылган. Президент жана премьер-министр катары өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келаткан Путин өзү буга каршы эмес экенин айткан. Конституцияга сунушталган бул өзгөртүүлөр жалпы орусиялык добуш берүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган.

Владимир Путин Орусияда 2000-жылы жана 2004-жылы президенттикке шайланган. 2008-жылы өлкө башчысы кызматына Дмитрий Медведев келип, Путин премьер-министр болуп иштеген.

2012-жылы Путин үчүнчү мөөнөткө шайланып келип, ошол эле жылы мамлекет башчынын ыйгарым укуктары төрт жылдан алты жылга узартылган. 2018-жылы төртүнчү жолу шайланган. Эгер президенттин буга чейинки мөөнөттөрүн жокко чыгаруу тууралуу өзгөртүүлөр кабыл алынса, Путин 2024-жылдагы шайлоодо да талапкерлигин кое алат.

Путин июндун аягында орусиялыктар Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдосо, президенттик кызматка талапкерлигин коюшу мүмкүн экенин билдирген. «Өзүм үчүн эч кандай чечим кабыл ала элекмин. Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөр кирсе, талапкерлигимди коюшум мүмкүн. Убагы келгенде көрөбүз», — деген ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: