Menu

Туратбек Багышов: Форма кийип милиция кызматкери болгондон кийин, ар кандай жагдайларга даяр болушубуз керек

Бөлүшүү:

Учурда Туратбек Багышов Наарын шаардык күзөт бөлүмүнүн кызматкери, милициянын старшинасы. Туратбектин милиция кызматкери болуусуна кошунасы себеп болуп калган. Анткени кошунасы милиция кызматкери болуп иштечү. Анын кийип жүргөн формасына, өзгөчө белиндеги курчалып жүргөн куралына абдан суктанаар эле. Каарманыбыз мектепти аяктаган соң Бишкектеги  жогорку окуу жайлардын биринде билим алган. Жогорку окуу жайды аяктаган соң атуулдук милдети болгон аскер кызматын өтөп келип эң алгачкы иш күнүн 2007-жылы ИИМдин Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн босогосун аттоо менен баштайт. Ал жерде эки жылдай кызмат кылгандан кийин, Нарын шаардык күзөт бөлүмүнө которулуп келген.

Эми каарманыбыздын башынан өткөн бир окуяга көңүлүңөрдү бурсак. Туратбек кезектеги нөөмөтүн өтөп бүтүрүп, үйүнө кетип бара жаткан. Жашаган жери чоңсуу аккан тарапта болгондуктан, дайыма суу жээктеп кызматына келип кетчү. Ал күнү да күндөгүдөй суу жээктеп кетип бара жатып, сууда калкып агып келе жаткан кийимди байкап калат. Жакшылап караса жети-сегиз жаштардагы бала агып келе жаткан экен, Туратбек эч ойлонбостон формасын жарым жартылай чечип, сууга секирип кирет. Аккан балага сүзүп жетип, баланы өйдө көтөрүп суудан башын чыгарган маалда бала какап-чакап дем ала баштайт. Каарманыбыз сууда бир топ жерге чейин агып барып, жээкти көздөй сүзүп баланы суудан алып чыгат. Ары жакта өтүп бара жаткан бир киши жүгүрүп келип, баланы суудан чыгарганга жардам берет. Кеч күз болгондуктан күн да салкындап калган болчу, жардамга келген адам экөөлөп дароо баланын суу кийимдерин чечип, тиги адамдын күрмөсүнө ороп жаткызышат да тез жардам чакыртып баланы аларга өткөрүп беришет.

Каарманыбыз суу болгон бойдон үйүнө барат, эртеси Туратбекке суук тийип, көпкө дарыланып жатып айыккан. Ал баланын ким экендигин жана кантип сууга агып кеткендигин каарманыбыз билбей да калды, эң башкысы тирүү алып калып тез жардамга өткөрүп бергендигине кубанып келет.

Арийне көпчүлүк милиция кызматкерлери ушундай жагдайларга көп эле кезигет, кылган эрдиктерин эч кимге айтпастан жөн гана өзүнүн милдети катары эсептеп келишет. Каарманыбыз «Форма кийип милиция кызматкери болгондон кийин, ар кандай жагдайларга даяр болушубуз керек. Көчөдөбү башка жердеби жардамга муктаж болуп жаткан адамдарга жардамыбызды берүүгө дайым даярбыз. Азыркы Кыргыз милициясы жыл өткөн сайын жакшы тарапка ооп келе жатат. Маянабыз көтөрүлүп, жаңы салынган үйлөр да берилип келет.

Келечекте милиция кызматы мындан да жетишкендиктерге жетишип, абройлуу кызмат болот деп ишенип келем»-деп сөзүн аяктады.

Данислан Асамидинов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: