Menu

КР Конституциясынын жаңы долбоору

Бөлүшүү:

ДОЛБООР

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө”

 1-берене

Кыргыз Республикасынын Конституциясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

 Биз, Кыргызстан эли,

өзүбүздү өзүбүз аныктап алуу укугубузду негиз кылып;

биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта, табият менен таттуу мамиледе жашагыла деген ата-бабаларыбыздын жана Айкөл Манастын осуяттарын жана салттарына таянып;

ата-бабаларыбыз негиздеген мамлекеттүүлүгүбүздү сактап жана чыңдап;

биргелешип Кыргызстан элин түзгөн кыргыздардын жана бардык башка этностордун өкүлдөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп;

адамдын укуктары менен эркиндиктерин сыйлоого жана коргоого умтулганыбызды ырастап;

коомдун, социалдык топтордун жана ар бир инсандын турмушунун жогорку сапатта болушун камсыз кылуу үчүн экономиканы, маданиятты, саясий жана укуктук институттарды өнүктүрүүгө болгон чечкиндүүлүктү билдирип;

жалпы адамдык адеп-ахлактык принциптерди тааныгандыгыбызды жарыялап;

адеп-ахлактык баалуулуктарды жана социалдык адилеттүүлүктүн үстөмдүгүн орнотууга умтулуп;

чыныгы элдик бийликтин негизин орнотууну ниет кылып;

өткөн, азыркы жана келечектеги муундардын алдында Мекен үчүн жогорку жоопкерчиликти түшүнүп, эгемен укуктан келип чыккан майтарылбас эркибизди билдирип, бүткүл элдик добуш берүү – референдум жолу менен ушул Конституцияны кабыл алабыз.

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

 I ГЛАВА. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН САЯСИЙ НЕГИЗДЕРИ

1-берене

1.Кыргыз Республикасында эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп Кыргызстан эли эсептелет.

2.Кыргызстан эли Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан турат.

 2-берене

1.Конституциялык түзүлүштүн негиздерин өз алдынча аныктоо Кыргызстан элинин эгемен укугу болуп эсептелет.

2.Кыргызстан эли өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу ушул Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт.

3.Шайлоолор эркин болуп эсептелет жана жалпыга бирдей, түздөн-түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо укугуна ээ.

4.Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка маанилүү маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет.

3-берене

1.Кыргыз Республикасында элдин бийлиги адам, анын өмүрү, эркиндиги, ар-намысы жана кадыр-баркы жогорку баалуулук болуп эсептелген жалпы адамзаттык баалуулуктарга жана гуманисттик приництерге негизделет.

2.Кыргыз Республикасында элдин бийлиги саясий институттардын, идеологиялардын жана пикирлердин көп түрдүүлүгүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

3.Элдин укуктары жана эркиндиктери ушул Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот.

4.Кыргызстан элинин атынан Президент жана Жогорку Кеңеш гана чыгууга укуктуу.

4-берене

1.Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – эгемен, демократиялуу, унитардуу, укуктук, социалдык жана светтик мамлекет.

2.Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана анын бардык аймагына жайылтылат. Мамлекет өзүнүн аймагынын кол тийбестигин, бөлүнбөстүгүн жана бүтүндүгүн камсыз кылат.

3.Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзам менен аныкталуучу административдик-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

4.Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Кыргызстан элине кызмат кылат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.

5-берене

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик төмөнкү принциптерге негизделет:

– бүткүл эл тарабынан шайланган Президент жана Жогорку Кеңеш өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгү;

– мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутактарына бөлүштүрүү, алардын ырааттуу иштөөсү жана өз ара аракеттенүүсү;

– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилиги жана ачыктыгы, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусу;

– мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларынын так ажыратылышы.

6-берене

1.Мамлекет жана анын органдары өз иштерин адамдын жана коомдун бакубаттыгы кызыкчылыгында социалдык адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптеринде жүргүзөт.

2.Кыргыз Республикасында эч ким бийликти ээлеп ала албайт. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет.

Мамлекеттик бийликти күч колдонуп басып алууга же күч колдонуп мыйзамсыз кармап турууга, мамлекеттик органдардын же алардын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын ыйгарып алууга багытталган аракеттерге жол берилбейт.

3.Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары укукка каршы чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) үчүн мыйзамда каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.

 7-берене

1.Элдик Курултай элдик бийликтин кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку органы болуп эсептелет.

Элдик Курултай өз ишин ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында Президент, Жогорку Кеңеш, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.

Элдик Курултайды чакыруу укугу Президентке таандык.

2.Элдик Курултай:

1) мамлекетти жана коомду өнүктүрүүнүн, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин маанилүү маселелери боюнча, анын ичинде улуттук маданияттын, тилдин, конфессиялар аралык жана этностор ортосундагы мамилелерди чыңдоонун маселелери, башка коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат жана аларды мамлекеттик органдардын кароосуна киргизет;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарынын маселелери боюнча Президентке сунуштарды киргизет;

3) Элдик Курултайдын Төрагасынын, Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын отчетторун угат;

4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген кызматына ылайык келбестиги жөнүндө сунуштарды Президенттин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна киргизет;

5) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.

3.Элдик Курултайдын чечимдери сунуштамалар катары тиешелүү органдарга жиберилет, алар ушул Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.

4.Элдик Курултайдын ишине Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары катыша алат.

Башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аймактык, кесиптик, этномаданий, коомдук-саясий жана конфессиялык коомчулуктардын өкүлдөрү Элдик Курултайдын жыйналыштарында болууга укуктуу.

5.Элдик Курултай аймактык, кесиптик, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Элдик Курултайды түзүүнүн, ошондой эле уюштуруунун жана ишинин тартиби ушул Конституция жана конституциялык мыйзам менен жөнгө салынат.

6.Жергиликтүү маанидеги маселелер жергиликтүү курултайларда каралат.

Жергиликтүү курултайларды түзүүнүн, уюштуруунун жана ишинин тартиби мыйзам менен белгиленет.

 8-берене

1.Кыргыз Республикасында өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана коргоо үчүн түзүлгөн саясий партиялар, коомдук-саясий уюмдар жана кыймылдар, кесиптик бирликтер, жарандардын бирикмелери түзүлүшү мүмкүн.

2.Мамлекет коомдук бирикмелердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылат, аларга коомдук турмушка катышуу үчүн тең укуктук мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

9-берене

1.Саясий партиялар ар кандай социалдык катмарлардын жана топтордун саясий эркин билдирет жана өздөрүнүн шайланган өкүлдөрү аркылуу мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууга жана түзүүгө катышат.

2.Жарандын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саясий оппозицияга болгон укугу таанылат.

3.Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулушуна; мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларды кошпогондо, партиялык ишти аткарышына;

2) аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияларды колдоп чыгышына;

3) диний, этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;

4) жарандардын бирикмелери тарабынан аскерлешкен кошундардын түзүлүшүнө;

5) иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улут аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган максаттарды көздөгөн саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине.

 10-берене

1.Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2.Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

3.Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

 11-берене

1.Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматты алуу, эркин басып чыгаруу, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана башка ыкма менен ар кандай көз караштарды билдирүү жана чагылдыруу укугуна кепилдик берилет.

2.Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүргүзөт.

3.Маалыматты алууга жана таркатууга чектөөлөр мыйзам менен гана белгиленет.

 12-берене

1.Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык максаттарды жана аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт, мамлекеттик турмушту милитаризациялоону, мамлекетти, анын ишин согуш жүргүзүү милдеттерине баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат.

2.Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган агрессия учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

3.Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

4.Кыргыз Республикасы ынтымактуу жана адилеттүү жашоого, өз ара пайдалуу кызматташууга, глобалдык жана региондук көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүүгө умтулат.

13-берене

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал менен согуш абалы ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте киргизилиши мүмкүн.

14-берене

1.Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.

2.Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

3.Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.

Эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат.

4.Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет.

5.Жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

15-берене

1.Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат.

2.Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.

3.Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.

16-берене

1.Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго – Тууга, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.

2.Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат.

Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар болуп эсептелет, алардын статусу мыйзам менен аныкталат.

3.Кыргыз Республикасынын акча бирдиги сом болуп эсептелет.

II ГЛАВА

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ

 17-берене

1.Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет.

2.Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.

Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.

Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башка жактардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында соттун чечимисиз мажбурлоо менен мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган учурларда жол берилет. Мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

Мыйзамда аныкталган коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу ал мүлктүн наркынын жана мүлкүнөн ажыратуунун натыйжасында келип чыккан башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

3.Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу) ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.

4.Кыргыз Республикасы өз жарандары менен юридикалык жактарынын менчигин, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.

5.Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.

Жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкүн. Жерди сарамжалдуу пайдаланууга жетишүү жана адилет социалдык мамилелерди орнотуу максатында мамлекет жер менчигинин чектүү өлчөмдөрүн белгилейт. Жердин менчик ээлеринин укуктарын коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.

6.Менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.

 18-берене

1.Өндүрүш жана эмгек, өндүрүүчүлөрдүн экономикалык жана социалдык өнөктөштүгү мамлекет тарабынан колдоого алынат.

2.Кыргыз Республикасы экологиялык таза өндүрүш колдонгон, атаандаштыкка жөндөмдүү товарларды чыгарган, жаңы технологияларды өндүргөн, татыктуу эмгек акысы бар жумуш орундарын ачкан ишканаларга жеңилдиктерди белгилейт жана кепилдик берет.

Мамлекет экономикалык иштеги атаандаштыкты камсыз кылат.

3.Кыргыз Республикасы улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргойт.

19-берене

1.Мамлекет элдин жана ар бир жарандын бакубаттыгын көтөрүүгө жана аны социалдык коргоого кам көрөт.

2.Кыргыз Республикасы жарандардын социалдык корголбогон категорияларын колдоону, эмгекке акы төлөөнүн минималдуу өлчөмүн, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат.

3.Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилейт.

4.Мамлекет эмгек мигранттарынын социалдык жана экономикалык укуктарын коргоого кам көрүүгө милдеттүү.

 20-берене

1.Экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн пландары мамлекеттик бюджетте чагылдырылат.

2.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзүнө камтыйт.

3.Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык. Жаңы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

III ГЛАВА

КООМДУН РУХАНИЙ-МАДАНИЙ НЕГИЗДЕРИ

 21-берене

1.Кыргызстан элин сактоонун жана өнүктүрүүнүн негизи катары үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык коомдун жана мамлекеттин коргоосунда турат.

2.Ар бир адам үй-бүлө курууга жана аны сактоого укуктуу. Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.

Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ.

3.Балдарга кам көрүү, аларды тарбиялоо ата-энесинин экөөсүнүн тең милдети жана укугу болуп эсептелет.

4.Ата-энени урматтоо – балдардын милдети, ата-энеге кам көрүү – балдар менен мамлекеттин тең бирдей милдети. Эмгекке жөндөмдүү, 18 жашка толгон балдар эмгекке жөндөмсүз ата-энелерине кам көрүүгө милдеттүү.

5.Мамлекет жөлөкпул, жеңилдиктер түрүндө жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнүн башка түрлөрү менен колдоо көрсөтүп, үй-бүлөнү сактоого жана анын бакубаттыгын өстүрүүгө көмөк көрсөтөт.

6.Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл-эсинин, руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.

7.Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт.

8.Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

 22-берене

1.Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыймандык жана руханий тарбиялоону, жогорку маданиятын камсыз кылат.

2.Мамлекет кыргыз маданиятын, бардык боордош элдердин маданиятын сактоо жана өнүктүрүү чараларды иштеп чыгат.

3.Мамлекет жарандарды ыйманга тарбиялоонун жана алардын маданиятынын негизи катары кыргыз элинин, Кыргыз Республикасында жашап жаткан башка бардык боордош элдердин диний, элдик, үй-бүлөлүк каада-салттарын коргоого жана өнүктүрүүгө кепилдик берет.

Улууларды урматтоо, туугандарына жана жакындарына камкордук көрүү – ар бир адамдын ыйык салты жана милдети.

4.Кыргыз Республикасы Кыргызстан элинин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргойт.

5.Кыргыз Республикасы сергек жашоо ыңгайына жана инсанды патриоттук тарбиялоого көмөк көрсөтөт.

6.Мамлекет этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка умтулат.

7.Мамлекет илимдин жана чыгармачылыктын бардык түрлөрүн жана тармактарын өнүктүрүү жана колдоо үчүн жоопкерчилик алат, илимий изилдөөлөрдөгү жетишкендиктерге, технологиялык инновацияларга жана ойлоп табууларга колдоо көрсөтөт.

8.Ар кимге, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, өзүн-өзү өстүрүү, жеке өнүгүү максатында эркин илимий, техникалык, көркөм жана башка чыгармачылыктын түрлөрүнө, окутуучулукка кепилдик берилет. Ар бир адам өзүнүн кызыкчылыгына жана жөндөмүнө жараша чыгармачылыктын бардык түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.

 23-берене

1.Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

2.Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

 ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН НЕГИЗГИ УКУКТАРЫ, ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

 I ГЛАВА. ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕР

 24-берене

1.Адамдын негизги укуктары жана эркиндиктери ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык. Алар абсолюттук, ажырагыс жана кимдин гана болбосун кол салуусунан мыйзам жана сот тарабынан корголот деп таанылат.

2.Кыргыз Республикасында эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык адамдын негизги укуктары жана эркиндиктери таанылат жана аларга кепилдик берилет.

3.Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт.

4.Коомдук жүрүш-туруштун эрежелерин жана ченемдерин сактоо, коомдун кызыкчылыктарын урматтоо – ар бир адамдын милдети. Адамдын өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбашы керек.

5.Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.

6.Адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

7.Ар бир адам ушул Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган кандай гана болбосун иш-аракеттерди жана ишти жүргүзүүгө укуктуу.

 25-берене

1.Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей. Эч ким жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий же диний ынанымдары, жеке же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка шарттары жана жагдайлары боюнча укуктарынан жана эркиндиктеринен кандайдыр бир басмырлоого, кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

2.Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар тең укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

II ГЛАВА. ЖЕКЕ УКУКТАР ЖАНА ЭРКИНДИКТЕР

 26-берене

1.Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат.

2.Ар бир адам өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун, башка адамдардын өмүрүн жана ден соолугун укукка каршы кол салуудан коргоого укуктуу. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салуу оор кылмыш болуп эсептелет.

27-берене

1.Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу. Соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздерсиз эч ким камакка алынышы же кайтарууда кармалышы мүмкүн эмес.

2.Кыргыз Республикасында адамдын ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис. Адамдын ар-намысына шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат.

 28-берене

1.Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу.

2.Ар бир адам кат-кабар алышууга, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет.

3.Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, купуя маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

4.Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

 29-берене

1.Ар ким өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак жай менен башка объектилердин кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен тышкары алар пайдаланып турган турак жайга жана башка объектилерине кире албайт.

2.Жеке менчикте жана башка укукта болгон турак жайда жана бөлөк объектилерде тинтүүгө, алып коюуга, кароого жана башка аракеттерди жүргүзүүгө, аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнө соттун актысынын негизинде гана жол берилет.

3.Мыйзамда каралган өзөгөчө учурларда жеке менчик жана башка укукта болгон турак жайга жана башка объектилерди тинтүүгө, алып коюуга, кароого жана башка аракеттерди жүзөгө ашырууга жана аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнө сот актысыз жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.

4.Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат.

30-берене

Ар ким өзүнүн этностук таандыктыгын эркин аныктоого укуктуу. Эч ким өзүнүн этностук таандыктыгын аныктоого жана көрсөтүүгө мажбурланбашы керек.

31-берене

1.Ар ким Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу.

2.Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу. Бул укуктарды мыйзамдын негизинде гана чектөөгө жол берилет.

32-берене

1.Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу.

2.Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

3.Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

4.Кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат.

 33-берене

1.Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

2.Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу.

3.Эч ким өзүнүн диний жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

34-берене

Ар ким мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамсыз аракеттери аркылуу келтирген зыяндын ордун мамлекеттен толтуруп алууга укуктуу.

III ГЛАВА

САЯСИЙ УКУКТАР

 35-берене

Кыргыз Республикасынын жарандары саясий партияларга жана башка коомдук бирикмелерге биригүүгө, массалык кыймылдарга катышууга укуктуу. Эч ким саясий партияларда, коомдук бирикмелерде, массалык кыймылдарда, ошондой эле бийликтин өкүлчүлүктүү органдарында оппозициялык азчылыкты түзгөн адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана ар-намысын кемсинте албайт.

36-берене

1.Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу.

2.Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.

3.Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийликтин органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, курултайларга шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.

4.Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жеткиликтүүлүккө ээ.

 37-берене

1.Ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланууга тийиш эмес.

2.Тынч чогулуш өткөрүүнү камсыздоо максатында ар ким бийлик органдарына билдирме берүүгө укуктуу.

Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүү убактысынын сакталбагандыгына байланыштуу тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт.

3.Тынч чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт.

4.Кыргыз Республикасынын жарандары иш таштоого укуктуу. Иш таштоолорду өткөрүүнүн тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

IV ГЛАВА

ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК УКУКТАР

 38-берене

1.Жеке менчик Кыргыз Республикасында таанылат жана адамдын ажырагыс укугу, анын бакубаттыгынын, ишкердик жана чыгармачыл активдүүлүгүнүн табигый булагы, анын экономикалык жана жеке көз карандысыздыгынын негизи катары кеплденет.

2.Ар бир адам өзүнүн менчигине ээ болууга, колдонууга жана тескөөгө укуктуу. Ар бир адам өзүнүн интеллектуалдык, чыгармачыл ишинин натыйжаларын пайдаланууга укуктуу. Менчикти колдонуу башка адамдардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, коомдун кызыкчылыктарына, жерге, курчап турган табигый чөйрөгө жана табигый ресурстарга зыян келтирбеши керек.

39-берене

Ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык иш үчүн эркин колдонууга укуктуу.

40-берене

1.Ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугуна ээ.

2.Ар ким эс алууга укуктуу.

 41-берене

1.Ар ким турак жайлуу болууга укуктуу.

2.Бул укук мамлекеттик, муниципалдык жана жеке турак жай фонду, турак жай сатып алууда жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шарттарда жана тартипте көмөк көрсөтүү аркылуу камсыз кылынат.

42-берене

1.Кыргыз Республикасынын жарандары салматтыгын сактоого, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин тармагын акысыз пайдаланууга укуктуу.

2.Кыргыз Республикасынын жарандары өмүрү жана саламаттыгы үчүн жагымдуу болгон курчап турган табигый чөйрөгө жана экологиялык жагдайды бузган аракеттер менен саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууну алууга укуктуу.

3.Жарандарды акы төлөнүүчү медициналык тейлөөгө мыйзамда белгиленген негиздерде жана тартипте жол берилет.

43-берене

1.Ар ким билим алууга укуктуу.

2.Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.

Ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу.

3.Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана бир эл аралык тилди окуп-үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзөт.

4.Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык жана менчик окуу жайларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

5.Мамлекет дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

 44-берене

1.Ар ким ден соолугун коргоого укуктуу.

2.Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорун өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт.

3.Акысыз медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдик шарттарындагы медициналык тейлөө мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин чегинде жүзөгө ашырылат.

4.Кызмат адамдары кишилердин өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч туудурган фактыларды жана жагдайларды жашырып койсо, мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке кириптер болот.

45-берене

1.Кыргыз Республикасында жарандарга улгайганда, ооруп, же эмгектенүүгө жараксыз болуп калганда, багып-көрөрүнөн ажыраганда мыйзамда каралган тартипте жана учурларда мамлекеттин эсебинен социалдык жактан камсыз кылуу кепилдиги берилет.

2.Пенсиялар, жөлөкпулдар, социалдык жардамдын башка түрлөрү мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш.

V ГЛАВА

АДАМДЫН УКУКТАРЫНЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИНИН КЕПИЛДИКТЕРИ

 46-берене

1.Мамлекет ушул Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылат.

2.Кыргыз Республикасында адамдын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар чыгарылбашы керек.

3.Инсандын дене боюнун жана моралдык кол тийбестигине тиешелүү чектөөлөргө жасаган кылмышы үчүн жаза катары соттун өкүмү боюнча мыйзамдын негизинде гана жол берилет. Бир дагы адам кыйноого, мыкаачылыкка же антигумандык кемсинтүүчү жазаларга дуушар болбошу керек.

4.Сыналуучунун талаптагыдай билдирилген жана тастыкталган ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык эксперименттерди жүргүзүүгө тыюу салынат.

47-берене

1.Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча, кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берүү үчүн негиз болуп эсептелет.

2.Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

3.Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алганынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.

4.Жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер күнөөнү негиздөө жана сот актысын чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

5.Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарынын чөйрөсүнө каршы күбө катары өтүүгө милдеттүү эмес. Көрсөтмө берүү милдетинен бошотуунун башка учурлары мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

6.Ар бир адам мыйзамда каралган учурларда сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу.

7.Ар бир соттолгон адам ырайым кылуу же жазасын жеңилдетүү жөнүндө суранууга укуктуу.

8.Эч ким бир эле жасаган укук бузуусу үчүн кайталап юридикалык жоопкерчилик тартпашы керек.

9.Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Аскердик кылмыштарды жана адамзатка каршы кылмыштарды жасаган адамдарга, ошондой эле геноцид жана экоцид кылмыштарына эскирүү мөөнөтүн колдонууга жол берилбейт.

48-берене

1.Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.

2.Кандайдыр бир келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле эч ким эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

3.Соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч ким камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

4.Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.

Ар бир кармалган адам кармалган учурунан тартып 48 саат өткөнгө чейин тез арада жана кандай учурда болбосун кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек.

Айрым учурларда кармап туруунун бир кыйла кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

Кармалган ар кандай адам кармап туруунун мыйзамдуулугун текшерүүгө укуктуу. Эгерде адамды кармоого негиздер жок болуп чыкса, ал адам дароо бошотулушу керек.

5.Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөлөрү жөнүндө билдирилүүгө жана анын укуктары түшүндүрүлүүгө тийиш.

Кармалган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга, ошондой эле медициналык кароого жана коргоочу күтүүгө укук берилет.

6.Бул берененин жоболорун бузуу менен камалган же кармоого алынган ар бир адам компенсация алууга укуктуу.

49-берене

1.Ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет.

2.Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу.

3.Мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт.

Жарандык укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн бейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн. Бейтарап соттордун ыйгарым укуктары, түзүү тартиби жана иши мыйзам менен аныкталат.

4.Ар ким юридикалык квалификациялуу жардам алууга укуктуу. Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатураны уюштуруу жана анын ишмердиги, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат.

50-берене

1.Мамлекет адамдын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды жарыялоого кепилдик берет, бул аларды колдонуунун милдеттүү шарты болуп эсептелет.

2.Ушул Конституцияда бекитилген укуктарды жана эркиндиктерди саноо толук болуп эсептелбейт жана адамдын башка жалпыга таанылган укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруу же азайтуу болуп чечмеленбөөгө тийиш.

VI ГЛАВА

ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

51-берене

1.Өз ара укуктардын, милдеттердин жана жоопкерчиликтин жыйындысы болгон адамдын Кыргыз Республикасы менен туруктуу укуктук байланышы жарандык менен аныкталат.

2.Жаран өзүнүн жарандыгынан улам укуктарга ээ болот жана милдеттерди аткарат.

3.Өзүн кыргыз элине таандык экенин далилдеген ар бир адам башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.

4.Жаран республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт.

5.Кыргыз Республикасынын паспорту мамлекеттин менчиги болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын паспортун Кыргыз Республикасынын жараны болбогон адамга тапшыруу оор кылмыш болуп эсептелет.

6.Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун, паспортту тапшыруунун тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат.

52-берене

1.Бир дагы жаран конституциялык мыйзамда белгиленген учурлардан жана тартиптен тышкары өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

2.Кыргыз Республикасы өз чегинен тышкы жерлерде жарандарын коргоого жана калкалоого кепилдик берет жана камсыз кылат.

3.Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.

53-берене

1.Кыргыз Республикасынын жарандарына, алардын бирикмелерине ушул Конституцияда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык милдеттенмелеринде тыюу салынганды жана чектелгенди кошпогондо, бардык аракеттерге жана ишмердүүлүккө жол берилет.

2.Жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бардык жарандарга бирдей колдонулууга тийиш.

3.Кыргыз Республикасынын жараны Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, ар-намысын урматтоого милдеттүү.

4.Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдарга ылайык салыктарды жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.

54-берене

1.Ата Мекенди коргоо – Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык парзы жана милдети.

2.Жарандар мыйзам менен белгиленген чектерде жана шарттарда аскердик кызматты өтөшөт. Аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдүү кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет.

55-берене

1.Улууларга урмат кылуу, ата-энесине жана жакын туугандарына кам көрүү ар бир адамдын парзы жана милдети болуп эсептелет. Балдарга кам көрүү, аларды тарбиялоо ата-энесинин экөөсүнүн милдети болуп эсептелет.

2.Ар бир адам жаратылышты жана курчап турган чөйрөнү сактоого, табигый байлыктарга, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле кылууга милдеттүү.

3.Ар бир адам тарыхый маданий мурасты сактоого милдеттүү.

4.Бул милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик мыйзам менен белгиленет.

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

 I ГЛАВА. ПРЕЗИДЕНТ

 56-берене

1.Президент мамлекет башчысы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигине башчылык кылат.

2.Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат, Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп эсептелет.

3.Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт, өлкөнүн ичинде жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасын билдирет, Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чараларды көрөт, мамлекеттик бийликтин биримдигин жана уланмалуулугун, мамлекеттик органдардын макулдашылган иштөөсүн жана өз ара аракеттенүүсүн, алардын элдин алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат.

57-берене

1.Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5 жылга шайланат.

2.Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт.

58-берене

1.Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

2.Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. 30 миңден кем эмес шайлоочунун колтамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.

Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

59-берене

1.Президент кызматына киришерде Кыргызстан элине ант берет.

2.Президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган Президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат.

3.Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот.

60-берене

1.Президент:

1) Өкмөт башчысын, анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт;

2) Өкмөт башчысын, анын орун басарларын, министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын отставкага кетүү жөнүндө өтүнүчтөрүн кабыл алат; аларды отставкага кетирүү жөнүндө чечимди кабыл алат;

3) өзүнүн демилгеси боюнча же Элдик Курултайдын сунушу боюнча министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын бошотот;

4) аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин дайындайт; аларды кызматынан бошотот;

5) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт; аларды кызматынан бошотот;

6) анын ишин камсыз кылган Президенттин Администрациясын түзөт;

7) Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт, Мамлекеттик күзөт кызматын жана Улуттук гвардияны түзөт.

2.Президент:

1) кеминде 300 миң шайлоочунун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча референдум дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алат;

2) ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт; ушул Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

3) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда жана тартипте жергиликтүү кеңештерди таркатууну жүзөгө ашырат; жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт;

3.Президент:

1) Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет;

2) мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

3) элге өлкөдөгү абал жөнүндө ар жылдык кайрылуу жасайт;

4) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырууга жана каралууга жаткан маселелерди аныктоого укуктуу;

5) Жогорку Кеңештин жана Элдик Курултайдын жыйналышында чыгып сүйлөөгө укуктуу.

4.Президент:

1) Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;

2) ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;

4) ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот.

5.Президент:

1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот;

2) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;

3) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

4) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

5) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.

6.Президент:

1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;

2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;

3) ратификациялоо грамоталарына жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;

4) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат.

7.Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет.

8.Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот.

7.Президент:

1) конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;

2) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;

3) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

10.Президент:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;

2) Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарат;

3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;

4) ырайым кылууну жүзөгө ашырат.

11.Президент ушул Конституцияда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 61-берене

Президент Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана буйруктарды кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат.

 62-берене

1.Президент арызы менен кызматынан кеткен учурда, ушул Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же ал каза болгон учурда Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

2.Президент оорусуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калганда Жогорку Кеңеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

 63-берене

1.Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

2.Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу жана айып коюунун белгиленген тартиби сакталгандыгы жөнүндө Конституциялык соттун корутундусу менен ырасталган Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.

3.Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.

4.Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы айып коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган айып четке кагылды деп эсептелинет.

 64-берене

Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Өкмөт башчысы аткарат.

Президенттин ыйгарым укуктарын Өкмөт башчысы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат.

 65-берене

1.Ушул Конституциянын 63-беренесинде белгиленген тартипте кызматынан четтетилгенден башка бардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат.

2.Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.

 II ГЛАВА

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ

 66-берене

1.Жогорку Кеңеш – Кыргыз Республикасынын парламенти – мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу функцияларын жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

2.Жогорку Кеңеш 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат.

Шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

3.Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет. Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат.

67-берене

1.Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына шайлоолордун жыйынтыктары аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулат.

2.Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын Жогорку Кеңештин жашы боюнча улуу депутаты ачат.

3.Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат.

4.Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат.

68-берене

1.Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Өзгөчө оор кылмыштарды кошпогондо, депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жол берилет.

2.Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишин башка мамлекеттик же муниципалдык кызмат менен айкалыштыра албайт, жеке ишкердикти жүргүзүшү, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат.

69-берене

1.Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары тийиштүү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин токтотулушу менен бир учурда токтотулат.

2.Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) жарандыктан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

3) башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;

4) шайлоолор жараксыз деп табылганда;

5) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;

6) ага карата соттун айып коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз 30 же андан көп жумушчу күнү жок болгондо;

8) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

9) депутат каза болгондо.

3.Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.

70-берене

1.Жогорку Кеңеш:

1) Президентти шайлоону дайындайт;

2) ушул Конституцияда каралган тартипте референдум өткөрүүнү демилге кылат.

2.Жогорку Кеңеш:

1) Конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекетик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет;

5) республикалык бюджетти бекитет;

6) Өкмөт башчысынын Өкмөттүн иши жөнүндө, анын ичинде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун угат;

7) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет;

8) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

3.Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын шайлайт; ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызматтан бошотот;

2) мыйзамда белгиленген тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

3) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аны кызматтан бошотот;

4) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин – Президенттин, үчтөн бирин – парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин – парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

5) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин – Президенттин, үчтөн бирин – парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин – парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

6) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматынан бошотот; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

8) Президенттин сунуштамасы менен Башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотууга макулдук берет;

9) мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызматтан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.

4.Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуш абалын киргизет, согуш абалын жарыялайт, бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын бекитет.

5.Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин ар жылдык кайрылууларын жана сүйлөгөн сөздөрүн, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат;

3) Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угат.

6.Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коет; Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.

7.Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу ушул Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

8.Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 71-берене

1.Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.

2.Жогорку Кеңештин Төрагасы:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коет;

4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Элдик Курултай, Президент, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, сот бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара иш аракеттерин камсыз кылат;

5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдукту жүзөгө ашырат;

6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3.Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке отчет берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү кабыл алган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

 72-берене

1.Жогорку Кеңеш өз депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды уюштурат; алардын курамын түзөт.

2.Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашырууга контролдук кылат.

3.Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.

4.Мамлекеттик кызмат орундарына шайлоого, дайындоого жана бошотууга Жогорку Кеңештин макулдук берүүсү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин корутундусу болгон учурда жүргүзүлөт.

 73-берене

1.Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.

2.Эгерде каралып жаткан маселелердин мазмуну жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кеңештин жыйналышы ачык жүргүзүлөт.

3.Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан чакырылат.

4.Жогорку Кеңештин жыйналыштары ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса укуктуу болот.

5.Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын добуш берүүсү менен кабыл алынат.

 74-берене

1.Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

2.Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы мүмкүн.

3.Президент Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркаткан күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындайт.

75-берене

Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) Президентке;

2) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);

3) Жогорку Кеңештин депутатына;

4) Өкмөт башчысына;

5) карамагына кирген маселелер боюнча Конституциялык сотко, Жогорку сотко.

76-берене

1.Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.

2.Президент жана Өкмөт башчысы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

3.Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Президент тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

4.Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.

Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери, эгерде ушул Конституцияда башкача каралбаса, катышып отурган депутаттардын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

5.Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

77-берене

1.Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 күндүн ичинде Президентке кол коюу үчүн жиберилет.

2.Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коет же өзүнүн каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайрадан кароого кайтарат.

3.Конституциялык мыйзамдарды, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдарды кошпогондо, эгерде мыйзам кайрадан каралганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабыл алынган редакциясында жактырылса, мындай мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде Президент тарабынан кол коюлууга тийиш.

Конституциялык мыйзам, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзам кайрадан каралганда ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем эмеси добуш берсе, анда ал мурда кабыл алынган редакциясында Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды деп эсептелет.

 78-берене

Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башка мөөнөт каралбаса, мыйзам расмий басма сөз органында расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

III ГЛАВА

АТКАРУУ БИЙЛИГИ

79-берене

1.Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент жана ага баш ийген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзөт.

2.Президент аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, Өкмөткө жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт, Өкмөттүн жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын кызматынан убактылуу четтетет.

3.Өкмөт Өкмөт башчысынан, анын орун басарларынан, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.

4.Өкмөттүн түзүмүн жана курамын Президент аныктайт.

5.Президент Өкмөттүн жыйналыштарында төрагалык кылууга укуктуу.

 80-берене

1.Өкмөт жана ага баш ийген органдар:

1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;

3) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

4) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

5) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана анын аткарылышын камсыз кылат;

7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;

8) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

9) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

10) тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат;

11) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;

12) Конституция жана мыйзамдар менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

2.Өкмөттүн иши Президенттин администрациясы менен камсыз кылынат.

Өкмөттүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 81-берене

1.Өкмөт башчысы, анын орун басарлары, министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары отставкага кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

2.Жаңы Өкмөт башчысы, анын орун басарлары, министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары дайындалганга чейин мурдагы Өкмөт башчысы, анын орун басарлары, министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары өздөрүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.

Өкмөт башчысынын отставкасы Өкмөттүн бардык курамынын отставкасына алып келет.

3.Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматка киришүүсү Өкмөттүн бардык курамынын ыйгарым укуктарынын токтотуусуна алып келет.

 82-берене

1.Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашырат.

2.Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды уюштуруу жана алардын иштеши мыйзам менен аныкталат.

3.Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштейт.

4.Өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылат.

 IV ГЛАВА

СОТ БИЙЛИГИ

 83-берене

1.Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.

Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

2.Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот өндүрүшүнүн формалары аркылуу жүзөгө ашырылат.

3.Кыргыз Республикасынын сот системасы ушул Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Конституциялык соттон, Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат.

Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

Атайы бөтөнчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

4.Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен аныкталат.

 84-берене

1.Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет.

2.Судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө тутулгандан тышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке текшерилүүгө тийиш эмес.

3.Конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат.

4.Судья өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.

5.Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 15 жыл иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат.

Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 15 жыл, анын ичинде судьялык кеминде 5 жыл иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.

6.Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялары курагынын чегине жеткенге чейин шайланат.

7.Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан Президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

8.Курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.

Жергиликтүү соттордун судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, кийин курагынын чегине жеткенге чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларын сунуштоонун жана дайындоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын арасынан Президент Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун төрагасын жана алардын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

9.Кыргыз Республикасынын судьясы курагынын чегине жеткен жана ал конкреттүү ишти караган учурда ишти кароо аяктаганда жана соттук акт чыгарылганда судья кызматынан бошотулат.

10.Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар жана Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларына белгилүү бир чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

85-берене

1.Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

2.Судья кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталган учурлардан тышкары, аталган негиздер боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялары ээлеген кызмат орундарынан Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

Жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан Президент бошотот.

Кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

3.Судья каза болгондо, курагынын чегине жеткенде, отставкага кеткенде же башка ишке өткөндө, аны каза болгон же дайынсыз жок деп жарыялаганда, аракетке жөндөмсүз деп тааныганда, жарандыгын жоготкондо, жарандыктан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда жана кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузуу менен байланышпаган башка учурларда судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан ушул негиздер пайда болгон күндөн баштап конституциялык мыйзамга ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

4.Судьяларды соттук тартипте кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.

5.Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону Судьяларды тандоо кеңеши конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.

6.Жергиликтүү соттордун судьяларын которууну (ротациялоону) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырат.

7.Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.

8.Судьяларды тандоо боюнча кеңешти уюштуруу, анын иши, ыйгарым укуктары жана аны түзүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 86-берене

1.Конституциялык сот Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

2.Конституциялык сот:

1) Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун суроо-талабы боюнча Конституцияны расмий чечмелеп берет;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди чечет;

3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

4) мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенция тууралуу талаштарды чечет;

5) ушул Конституцияны өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берет;

6) Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө корутунду берет.

3.Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе, ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу. Конкреттүү иште колдонулуучу жарандардын укуктары жана эркиндиктери бузулгандыгы тууралуу даттануулар, эгерде соттук коргонуунун бардык ички мамлекеттик каражаттары бүтүп калса, Конституциялык сот тарабынан кабыл алынат.

4.Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

5.Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот актыларын кошпогондо конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат.

6.Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негизделген сот актылары ар бир конкреттүү учурда укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирилген жарандардын даттануулары боюнча сот тарабынан кайра каралат.

7.Конституциялык соттун курамы жана түзүү тартиби, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 87-берене

1.Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда аныкталган тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат.

2.Жогорку соттун пленуму сот практикасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет.

3.Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

 88-берене

1.Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат.

Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

2.Сот системасынын бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактары менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке киргизилет.

89-берене

1.Иштерди териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйналышта жүргүзүүгө мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.

2.Мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт.

3.Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.

4.Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5.Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.

90-берене

1.Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

2.Сот актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аларды аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

91-берене

1.Сот ушул Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз.

2.Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Конституциялык сотко суроо-талапты жиберет.

92-берене

1.Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.

2.Кыргыз Республикасында судьялардын курултайы, Судьялар кеңеши жана судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.

Судьялардын курултайы соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп эсептелет.

Судьялар кеңеши судьялардын курултайларынын ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдогон, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болот.

3.Соттук өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

 93-берене

Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген кандай гана болбосун учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт.

 V ГЛАВА

АТАЙЫН СТАТУСУ БАР МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

 94-берене

Прокуратура төмөнкүлөр өзүнө жүктөлгөн бирдиктүү системаны түзөт:

1) аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө;

2) изин суутпай издөөнү, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

3) соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;

5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык куугунтуктоону жүргүзүү;

7) мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүргүзүү.

 95-берене

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүгө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.

96-берене

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат.

97-берене

Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына, бюджеттен тышкаркы каражаттарга, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт.

98-берене

Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.

99-берене

Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар менен аныкталат.

 ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

100-берене

1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.

2.Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

4.Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле республикалык бюджеттен камсыз кылынат.

5.Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылат.

101-берене

1.Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштурууга укуктуу.

2.Аксакалдар соттору алардын кароосуна берилген мүлктүк, үй-бүлөлүк талаштарды жана мыйзам менен каралган башка иштерди тараптарды жараштыруу жана мыйзамдарга каршы келбей турган адилет чечимди чыгаруу максатында карайт.

3.Аксакалдар сотторунун чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

4.Аксакалдар сотторун уюштуруунун тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иши мыйзам менен аныкталат.

102-берене

1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) жергиликтүү кеңештер – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;

2) айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары;

3) айыл өкмөтүнүн башчысы, шаардын мэри – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы.

2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын кызмат адамдары өз иштеринде жергиликтүү кеңештерге отчет беришет.

 103-берене

1.Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

3.Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:

1) жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;

2) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитет;

3) жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет, ошондой эле алар боюнча жеңилдиктерди белгилейт;

4) мыйзамдарда каралган учурларда жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.

104-берене

1.Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.

2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.

3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында – мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

4.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарынын бузулушуна байланыштуу соттук коргоо үчүн кайрылууга укуктуу.

 БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

УШУЛ КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ

 105-берене

1.Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча Президент тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн.

2.Ушул Конституцияны өзгөртүү жана толуктоо Президенттин сунушу боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү же 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Жогорку Кеңеш ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.

Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 ай аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин демилгеси боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгаруу үчүн Президентке киргизилиши мүмкүн.

3.Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат.

4.Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга Президент кол коюуга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президенти”.

2-берене

1.Ушул Мыйзамдын редакциясында берилген Кыргыз Республикасынын Конституциясына Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюуга тийиш.

2.Ушул Мыйзамдын редакциясында берилген Кыргыз Республикасынын Конституциясы күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар аталган Конституцияга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

3.Мыйзам жок болгон учурда жана ушул Мыйзамдын редакциясында берилген Конституциянын жоболорун ишке ашыруу максатында Президент тиешелүү конституциялык Мыйзам, Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынганга чейин колдонулуучу конституциялык мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын күчүнө ээ болгон жарлыктарды чыгарат.

3-берене

1.2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт. Алты жылга шайланган Президенттин мөөнөтү ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституцияга ылайык шайлоонун биринчи мөөнөтү деп эсептелет.

2.Ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституцияга ылайык шайлануучу органдары шайланганга жана бардык деңгээлдеги кызмат адамдары дайындалганга чейин шайлануучу жана дайындалуучу мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланганга, түзүлгөнгө же дайындалганга чейин жүргүзүүнү улантат.

3.Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституцияга ылайык жана ушул Конституцияга ылайык түзүлүүчү мыйзамдарга ылайык өткөрүлөт.

4-берене

Ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституция күчүнө киргенге байланыштуу Өкмөт отставкага кетти деп эсептелет. Өкмөттүн курамы ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституцияга ылайык түзүлгөнгө чейин Президент Өкмөттүн курамын убактылуу түзөт жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин дайындайт.

 5-берене

1.Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Конституцияга ылайык Конституциялык сот түзүлгөнгө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат.

2.Жогорку соттун судьялары алар шайланган бардык мөөнөткө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат.

3.Жергиликтүү соттордун иштеп жаткан судьялары алар дайындалган бардык мөөнөткө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат.

6-берене

1.Ушул Мыйзам жана ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституция расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2.Ушул Мыйзам жана ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституция күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

– 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын
28-декабрындагы № 218 Мыйзамы.

3.Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнү – 5 май деп сакталсын.

7-берене

Жогорку Кеңеш жана Өкмөт кечиктирилгис чаралар катары алты айлык мөөнөттө колдонуудагы мыйзамдарды ушул Мыйзамдын редакциясында берилген Конституцияга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: