Menu

Бүгүн сотко Алмаз Атамбаевди алып келишти, аны тарапташтары кол чаап тосуп алышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы сот ишин улантты.

Сот отуруму ачык өтүп жатат. Анда Кой-Таш айылындагы жер тилкелеринин берилиши боюнча иш каралууда.

Залда Атамбаевдин туугандары жана тарапташтары, анын ичинде анын жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Сеид да бар.

Бүгүнкү сот отурумуна Атамбаевди алып келишти, ал залга киргенде, тарапташтары кол чабуулар менен тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаев шектүү катары өтүп жаткан алты ишти карап жатат. Криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана Кой-Таштагы былтыркы 7-8-августтагы окуялар боюнча сот процесстери өтүп жатат. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев 9-октябрдагы башаламандыкты уюштурган иш айыпталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: