Menu

Президенттикке талапкер болгон Карагач Исмаилова документтерин артка кайтарып алды

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкерлердин бири шайлоого катышуу тууралуу арызын артка чакыртып алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Карагач Исмаилова БШКга шайлоого катышуу үчүн берилген документтерди артка кайтарып алуу боюнча арыз менен кайрылган.

Белгилей кетсек, буга чейин саясат таануучу Бакыт Бакетаев жана “Элдик” кѳп тармактуу ишкананын башчысы Жыпаркул Тургуналиев арыздарын кайтарып алышкан.

Алгач 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуу тууралуу арызын 65 адам БШКгы тапшырган. 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандан кийин, шайлоого катыша турган талапкерлердин саны – 62.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

31 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: