Сокулук районунан уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Чүй ОИИББынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-октябрга караган түнү Военно Антоновка айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз бирөөлөр киришип, үй буюмдарын жана тиричилик техникаларын уурдап кетишкен.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Сокулук районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип, 22 жаштагы Б.Т. жана Н.А., 21 жаштагы М.А., 19 жаштагы Т.Б., 18 жаштагы К.А. ошондой эле 16 жаштагы Ж.А, А.Ж. аттуулар кармалышкан.
Териштирүү учурунда кармалгандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын экөөсү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүү жарандар жашаган үйдөн уурдалган далил буюмдар алынган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ