Menu

Ошто курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо фактысына шектелген жарандар кармалды. Алардын бирөөсү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат

Бөлүшүү:

Ош ШИИБдин КМКнын кызматкерлери курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо фактысына шектелген жарандарды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан 18-ноябрда Ош шаарынын аймагында, алынган маалыматтын негизинде ыкчам иш-чара өткөрүлгөн.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык Ош шаарынын аймагында Ысык-Көл облусунун 1997-жылы тургуну М.У.башкарып бара жаткан жүргөн “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүүнүн жыйынтыгында автоунаанын багажынан 1 даана “АК-103” үлгүсүндөгү 7.62 калибриндеги ок атуучу курал, анын 6 даана огу, 2 бычак жана салмагы 3, 93 граммды түзгөн «гашиш» баңгизатына түспөлдөш зат алынган. Ошол эле замат, кармалган жаран убактылуу жашаган Ош шаарынын Курманжан жатка кичи районундагы батирге тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда ал үйдө КРнын Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1991-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Ч.Н. болгон.

Ал аталган батирде убактылуу ижара акысын төлөп, М.У. менен бирге жашап жаткандыгын билдирген.

Тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн дагы салмагы 4.20 граммды түзгөн «гашиш» баңгизатына түспөлдөш зат алынган.

Курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында табылган далил буюмдарга карата соттук-криминалистикалык, соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Бул фактынын алкагында тергөө, ыкчам иликтөө иш-чаралар уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: