Menu

Тилек Токтогазиев, айыл чарба министри: “Мен Конституциянын жаңы редакциясына каршымын”

Бөлүшүү:

Айыл чарба министрлигинин башчысы Тилек Токтогазиев Конституциянын жаңы редакциясына каршы чыкты. Ал бул версия өтө чийки жана коомдун бөлүнүп-жарылышына алып келет деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 18-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

“Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук бузулат. Бизге адамдын диктатурасы эмес, Мыйзамдын диктатурасы керек. Мыйзам гана оюндун эрежелерин аныкташ керек. Баарыбыз ушул коомдук келишимди сыйлоону үйрөнүшүбүз керек. Эгерде коомдун бир бөлүгү бул келишимдеги өзгөртүүлөрдү жактырбаса, анда аларды күч менен таңуулоого болбойт. Эртеби-кечпи, бул жарылууга алып келет.

Ошондуктан, редакциянын авторлорун референдумга шашылбоого жана жалпы коомчулукту ар бир пункт боюнча ачык талкууга чакырууну сунуштайм. Конституция консенсус менен гана кабыл алынышы керек. Болбосо, силер кийинки саясий туруксуздуктун толкунуна жоопкерчиликтүү болосуңар” – деп жазды ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: