Menu

Педофилия үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандык Россиядан кармалды

Бөлүшүү:

Россиянын Самара облусунун прокуратурасы Кыргызстандын 22 жаштагы жаранын экстрадициялоо боюнча текшерүүнү аяктады. Бул тууралуу  маалымат 18-ноябрда көзөмөл органынын сайтында жарыяланды.

Ал өз мекенинде 2015-жылы  жашы жете элек кызга карата жасаган зордук-зомбулук үчүн издөөдө жүргөн.

Кыргыз жараны 2020-жылдын январь айында Озин районундагы чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан жеринен кармалган, андан кийин экстрадициялоону камсыз кылуу үчүн камакта кармоо чаралары көрүлгөн.

“Аны өткөрүп берүүгө эл аралык келишимдерде жана Россиянын мыйзамдарында каралган тоскоолдуктар жок” – деп айтылат билдирүүдө.

Ушул жагдайларды эске алуу менен прокуратура кармалган адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө тиешелүү корутунду даярдады.

“Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын органдары көрсөтүлгөн адамды Кыргызстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берүүнү уюштурушкан”, – деп кошумчалады прокуратура.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: