Menu

Аблязов ЖСДПга добуш берүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Бозгундагы мурдагы казакстандык банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов тарапташтарын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиянын (ЖСДП) курамына кирип, шайлоо учурунда ага добуш берүүгө чакырды.

Аблязов ушундай жол менен гана “Нур-Отандын” жеңишин камсыздоого умтулган аткаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттерин ашкерелөөгө болот деп эсептейт.

“Биздин максат — “Нур Отан” 50% аз добуш алышы үчүн баарын жасоо. Биз ЖСДПга добуш берсек, бул мүмкүн”, — деген ал.

17-ноябрда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган видеодо Аблязов өзүн өлкөдөгү “жалгыз оппозициялык партия” деп мүнөздөгөн ЖСДП иш жүзүндө өкмөт тарабынан башкарыларын, “10-январдагы шайлоо адилетүү жана демократияга шайкеш өттү деп айтуу үчүн көз боемочулук” иретинде колдонуларын айтты.

“Биз эл аралык коомчулук, эл аралык байкоочулар шайлоону мыйзамсыз өттү деп табышын каалайбыз”, -деди Аблязов.

Анын айтымында, эгер мыйзам бузуулар аныкталса, бул Кыргызстан сыяктуу элдин жапырт толкундоолоруна алып келиши мүмкүн.

Казакстанда өткөн бир дагы шайлоону эл аралык коомчулук адилеттүү жана эркин өттү деп тааныган эмес. Алар шайлоонун жыйынтыктары бурмаланып, оппозициячыл талапкерлерге жана сөз эркиндигине басым жасаларын белгилеп келишет.

Ушул тапта Казакстанда расмий түрдө алты партия каттоодон өттү. Азыркы парламентте алардын үчөө бар.

Казакстанда эки палаталуу парламент иштейт. Анын төмөнкү палатасы болуп саналган Мажлис 107 депутаттан турат. Мажлистин 98 депутаты партиялык тизме аркылуу шайланса, сегиз депутат өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев төрагалык кылган Казакстан элдер ассамблеясынын квотасы менен келет.

Казакстанда акыркы парламенттик шайлоо 2016-жылы мартта өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: