Menu

COVID-19: “Pfizer” өз вакцинасы 95% натыйжалуу экенин жарыялады

Бөлүшүү:

Америкалык “Pfizer” фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасынын клиникалык сыноосунун акыркы жыйынтыгын жарыялады.

Компаниянын 18-ноябрдагы маалыматына ылайык, сыноолор вакцина 95% натыйжалуу экенин, ал аярлуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой аларын көрсөттү.

“Pfizer” “BioNTech” компаниясы менен чогуу иштеп чыккан бул вакцинасын жакынкы күндөрдө АКШда чукул каттоодон өткөргөнү жатат.

“Reuters” жаңылыктар агенттиги вакцина жылдын аягына чейин колдонууга чыгып калышы мүмкүн экенин жазды.

Өткөн аптада америкалык компания сыноонун баштапкы жыйынтыгын жарыялап, анда коронавирустан коргоочу вакцинанын натыйжалуулугун 90 пайыз деп белгилеген. Аны улай америкалык дагы бир “Moderna” биотехнологиялык компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы 94,5% натыйжалуу экенин билдирген.

Коронавирустун алдын алуучу вакцина сыноодон өткөнү тууралуу кабар Европа жана АКШнын бир катар аймактарында COVID-19га чалдыккандардын саны өсүп жаткан учурда чыкты.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин эсебинде, 18-ноябрга карата дүйнөдө кеминде 55 миллион 793 миңдей киши коронавируска чалдыкканы ырасталды.

Алардын 1 миллион 341 миңден көбү көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: