Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда депутат Facebook баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, эгер анын кесиптеши Жанар Акаев бүгүн, 19-ноябрга чакырылса, анда ал эртеңки күнгө чакырылган.
“Жанарды бүгүнкүгө чакырса, мени эртеңкиге чакырышыптыр. Акаев, Жээнчороев, Момбеков деп алфавит менен кетип жатышса, эртең Сулайманов менен Токтогазиевке жетиши мүмкүн. Ии баса, Ташиев деле жүргөндөй болду эле 5 октябрда Ала Тоо аянтында…., унутуп калам да ушинтип, ал чоң болуп кеткен да, туура“, – деген Момбеков.
Маалыматка ылайык, чакыруу кагазы боюнча, Момбеков күбө катары чакырылган.
Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев жана Эмил Токтошев Бишкектеги 5-6-октябрь окуялары боюнча суракка чакырылышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ