Menu

Конституциянын жаңы редакциясын демилгелеген депутаттар койгон колдорун артка чакыртып алып жатышат

Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Канат Исаев бүгүн, 19-ноябрда 24.kg маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум дайындоо демилгесинде бир нече депутат кол тамгаларын чакыртып алышкандыгын билдирди.
“Айгерим Бешимбаева, Эмил Токтошев жана Бектен Сыдыгалиев колун чакыртып алды. Эми талап кылынган депутаттардын саны азайды. Аны ким бышырганы белгисиз” – деди ал.
Анын айтымында, алтынчы чакырылыш легитимсиз конституциялык реформаны токтото алат жана депутаттар муну жасашы керек. Болбосо, өлкө артка кайрадан орто кылымдарга кетет.
Канат Исаев Конституциянын жаңы редакциясынын автору Садыр Жапаров деп эсептейт. “Бул бардык эл аралык жана демократиялык стандарттарга каршы келет” – деди ал.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгеледи. Ал парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.
Жаңы долбоор коомдук талкууга жарыялангандан кийин коомчулукта наазачылыктар пайда болду. Көпчүлү Конституция эмес эле, “Ханституция” болду деп айтышууда. Демилгечи катары көрсөтүлгөн депутаттардын бири Эмил Токтошев автор экенин социалдык тармактар аркылуу билгенин жарыялады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: