Menu

Райымбек Матраимовдун өкүл баласынын үйү тинтүүгө алынды

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районундагы эки айыл өкмөттө укук коргоо органдары текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, сөз Мунарбек Сайпидинов жетектеген Савай айыл өкмөтү жана Замир Турганбаев жетектеген Сарай айыл өкмөтү жөнүндө болуп жатат.

Мунарбек Сайпидинов социалдык тармактагы баракчасына өзүнүн кеңсеси мөөр менен басылган видеону жарыялаган (кагаз бетинде, КР УКМК көрсөтүлгөн). Анын айтымында, 18-ноябрда эртең менен анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Сыдыкова Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучуга шилтеме берүү менен жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча маалыматты тастыктады. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу кенен маалымат азырынча жарыяланбайт.

Белгилей кетсек, Сайпидинов Мунар Акимжанович  – Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун “өкүл баласы”. Бул маалыматты Сайпидинов өзү тастыктады. Ал 2016-жылдын март айында айыл өкмөт башчысы болуп шайланган. 2020-жылы 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо ал “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинде болгон. Тургунбаев Замир Жолболдуевич дагы “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинде болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: