Menu

УКМК: КР Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев аймактык бөлүмдөрдөн системалуу түрдө мажбурлап акча чогултуп жүргөндүгү үчүн кармалды

Бөлүшүү:

КРнын Социалдык фондунун төрагасы аймактык бөлүмдөрдөн акча талап кылуу фактылары боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, КРнын УКМК ККК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КРнын Социалдык фондунун кызмат адамдарынын тобу, материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында, Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан системалуу түрдө мажбурлап акча чогултуп турушкан.

Териштирилген сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КРнын Социалдык фондунун төрагасынын “И.М.Э.” мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынган.

Чогулган материалдардын негизинде, 2020-жылдын 18-ноябрында, КРнын Жазык процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, КР Социалдык фондунун “И.М.Э.” төрагасы кармалып, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: