Menu

Өзбекстанда мугалимдер жапырт ишсиз калган маалда жумушсуздуктун деңгээли кыскарганы айтылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Иш менен камсыздоо жана эмгек министрлиги жарыялаган баяндамага ылайык, өлкөдө январь-сентябрь айларында жумушсуздуктун деңгээли 11,1 пайызды түзүп, биринчи жарым жылдыкка караганда 2,1 пайызга төмөндөгөн.

Министрликтин мурдагы отчетунда жумушсуздуктун деңгээли 13,2 пайызды түзгөнү, буга өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал себеп болгону белгиленген.

Эмгек министрлиги жумушсуздуктун деңгээли төмөндөгөнүн жарыялаган маалда жүздөгөн мугалим атайын кесиптик билим берүү системасында жүрүп жаткан реформага байланыштуу ишсиз калганын билдиришти:

“Акыркы жолу мага май айынын айлык акысына кошумча бир миллион сум беришти. Бул жумуштан бошотулганым үчүн компенсациялык төлөм. Андан бери алты ай өттү, жумушсуз отурам”, – деди намангандык мугалимдердин бири.

Ташкент облустук кесиптик колледждин директорунун айтымында, окуу жайда иштеген 50 мугалимдин 15и жумушсуз калды. Калганы статусу өзгөргөн ошол эле окуу жайда иштеп жатса, дагы бир бөлүгү орто мектептерге жумушка орношкон. Өзбекстанда 1214 кесиптик колледж болгон.

Эмгек министрлиги кесиптик колледждер жабылгандан кийин ишсиз калган мугалимдерди жумушсуздардын катарына коштубу-жокпу белгисиз.

Өткөн аптада коронавирус пандемиясы башталгандан бери чет өлкөлөрдөн 400 миңден ашуун өзбекстандык келгени кабарланган.

Жергиликтүү аналитиктердин пикиринде, расмий түрдө жумушсуздардын санынын кыскарышына Орусиядан кайткан мигранттардын аз акы төлөнгөн жумуштарга орношкону себеп болушу мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: