Menu

AI казакстандык журналист Айгүл Утепованы «абийир туткуну» деп атады

Бөлүшүү:

Эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюму казакстандык журналист жана блогер Айгүл Утепованы «абийир туткуну» деп атады. Утепова «тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» ишине байланыштуу эки айдан ашык убакыттан бери үй камагында.

Башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан мунапыс уюму 18-ноябрда жарыяланган билдирүүсүндө Утепова өз көз карашын билдиргени үчүн гана куугунтукталып жатканы, аны үй камакка алуу «мыйзамсыз» жаза экени жазылган. Уюм муну «ачык сын айтуу үчүн» колдонулган репрессиянын формасы болушу мүмкүн деп сыпаттап, журналист эч кандай кошумча шарттарсыз тез арада бошотулушу керек деп эсептейт.

11-ноябрда тергөө органдарынын тиешелүү өтүнүчүнөн кийин Утепованы «текшерүүдөн өткөрүү үчүн» мажбурлап психиатриялык клиникага жаткыруу тууралуу сот чечими чыккан. Буга байланыштуу журналисттин адвокаты апелляциялык арыз жазган.

Социалдык түйүндөргө бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн 50 жаштагы Утепова 17-сентябрдан бери үй камагында. Анын адвокаттары менен туугандары аны «текшерүүгө» жөнөтүүгө эч кандай негиз жок деп эсептеп, сот чечиминин артында сын макалалардын авторун четтетүү аракети турарын билдиришүүдө.

Amnesty International Казакстандын мыйзамдарына ылайык, мындай чара өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган оор кылмыштарга шектелгендерге же айыпталуучунун акыл-эси жайында экенинен күмөн саноолор болгондо гана колдонуларын, Айгүл Утепова эч качан психикалык ооруларга байланыштуу дарылануудан өтпөгөнүн белгиледи.

Утепова Казакстанда бийликти сындаган билдирүүлөрү үчүн психиатриялык клиникага жөнөтүлгөн алгачкы блогер эмес. 2018-жылы Шымкент шаардык соту блогер Ардак Ашимди психдиспансерге жаткыруу тууралуу чечим чыгарган. Эл аралык укук коргоо уюмдары аны «абийир туткуну» деп таанышкан. Ашим ал жерден чыккандан кийин Украинага көчүп кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: