Menu

Азимбек Бекназаров: “Конституциянын жаңы редакциясы – бийликти узурпациялоо аракети деп табылып, коомдук талкуудан алынсын”

Бөлүшүү:
Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров жаңы өкмөткө чыныгы элдик толкундоолор жөнүндө эскертти. Ал өзүнүн кайрылуусун социалдык тармакка жарыялаган.
Анын пикиринде, азыркы бийлик өлкөнүн экс-президенттеринин жолун кайталап жатат.
Ал Конституцияын жаы долбоору боюнча пикирин билдирип, конкреттүү сунуштарын тизмектеди:
1. 6-чакырылыштагы азыркы Жогорку Кенештин 80 депутаты тарабынан 2020- жылдын 17- ноябрында Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун коомчулукка чыгарышын үйрөнгөн адаттарынча, 1-кезекте «жаны кожоюнга» кылышкан тарыхий «жакшылыгы» жана ага жеке саясий зыяны тие турган, саясий катачылык деп эсептейм.
Депутаттардын бул кадамы 2020- жылдын 5-октябрындагы тарыхый окуядан эч кандай сабак албагандыгынан кабар берет.
2. Шашылыш түрдө тар чөйрөдө даярдалып, анан элге «жамынылып», референдум жолу менен мамлекеттик бийликти узурпациялаган жол мурдагы качкын президенттер Акаев, Бакиевдин жана алардын жолуна түшкөн Убактылуу Өкмөттүн, 2016-жылкы Атамбаевдин саясий катачылыктары болгон. Анын кесепетинен мамлекетибиз жана анын эли алдыга өнүгүүдөн өз жолун таппай, 29 жылда 12 жолу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, 3 жолу Ак-Үй алынды. Ак-Үйдүн алынганына эки ай өтпөй жатып, белгисиз тар чөйрөдө даярдалып, референдум жолу менен алууну көздөгөндөр терең жанылаарын эскертем!
Эмне үчүн элибиздин кайра- кайра бийликти кууп жатканын
көрүп, билип, азыр ошондой шартта жашап жатып, кайра эле элибизге жөнөкөй, түшүнүктүү эки гана суроону койгондон качасыңар?
Ал суроо кандай бийлик жана кандай шайлоо керек?
Убагында Акаев, Бакиев, Убактылуу Өкмөт дагы качкан? Ал эми Атамбаев 2016-жылы азыркыдай жол менен белгисиз бирөөлөргө даярдатып, силердин атынардан Референдумга чыгарткан?!
Долбоордун негизги авторлоруна, азыркы бийликтин төбөлдөрүнө айтаарым эсиңер барда, этегинерди жапкыла! Антпесенер негизги эл эми толкуйт! Анткени мындай өзүм билемдикти көргөнбүз. Азыр дагы жол берүүгө укугубуз жок!
3. Ооба, талаш жок, элибиз чыныгы элдин кызыкчылыгы менен эркиндиги, нукура улуттук өзгөчөлүгү камтылган, ынтымагы менен турмушун күчтөндүргөн, улуттун геосаясий менталитетине ылайык келген жана улуттук мамлекеттин эгемендүүлүгү менен экономикалык күч кубаттуулугун бекемдеп өнүктүргөн, батыштын “НПО” денгээлиндеги Венециан комиссиясындай эл аралык уюмдардын импорттогон ченемдеринен арылган, жаңы саясый системаны камтыган жаңы баш мыйзамга муктаж! Бул маселеде талаш жок! Бирок, мындай эски жол менен эмес!
Конкреттүү сунуштар:
1. 2021-жылдын 10-январында Президенттик шайлоо менен бир күнгө:
1). Башкаруунун кайсы түрүн колдойсун: Парламенттикпи же Президенттикпи? Эскертүү: Эгерде элдин көпчүлүгү парламенттик башкарууну кааласа Президент эл тарабынан шайланбайт. Аны ЖКнын депутаттары кенейтилген элдик курултайда шайлайт. Президент символдуу гана укуктарга ээ болот. Өлкөнү негизинен Парламент тарабынан шайланган Премьер-министр башкарат. Германиянын башкаруу системасына окшош.
Эгерде элибиз Президенттик башкарууну кааласа, ал мамлекет жана Өкмөт башчы болот. АКШнын мисалындай. Жогорку Кенештин депутаттары мыйзам чыгаруу менен гана алектенет.
Жогорудагы суроонун жообу 1994-жылдан бери эч нерсеге жооп бербеген, бирок, бардык бийликтин ээси болгон Президенттин жана эч нерсени чече албаган, бирок, бардык нерсеге жооптуу Өкмөттүн ортосундагы кош бийликтүүлүктү жокко чыгарат.
2). Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу же көп мандаттуу конкреттүү шайлоо окуругдарынан түз шайланышын (можаритардык) колдойсунбу же партиялык жабык тизмени (акчасына жараша киргизилген белгисиз адамдардын кыйыр шайланышын (пропорциялык)) колдойсуңбу?
Бул суроолордун жообу акыркы 12 жылдагы мамлекеттик саясий системасындагы коррупциянын булагы, президенттик мыйзамсыз башкаруунун коронавирусу болгон үй-бүлөлүк партиялар менен өлкөнү башкаруунун партиялык-мафиялык системасын сындырат!
3). Мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы жана эгемендиктин ээси болгон Кыргызстандын эли, өзү шайлаган мамлекет башчысынын жана Жогорку Кенештин ар жылдык аткарган иштери боюнча отчетторун элдик курултайларда угушун жана ага баа беришин колдойсунбу?
Бул суроонун жообу эл тарабынан шайланган кайсыл жана кандай бийлик болбосун, аткарган иштери боюнча өзүн шайлаган элге отчет берип, баа алып туруусу, эл менен бийликтин өз ара байланышын жакындатат. Курултай институту – бул Кыргызстандын шартында элдик бийликтин туу чокусу, жарандардын Конституциялык саясий укугу.
Референдумга болгону ушул үч суроо чыгарылганы туура болот.
Мен депутаттарды ушуга дагы бир жолу чакырам. Жакында эле, келечекте сөзсүз боло турган конституциялык реформалар боюнча өзүмдүн сунуш – пикиримди Жогорку Кенешке, Президенттин милдетин аткаруучу С.Жапаровко Кыргызстандын атуулу катары кенен бергем.
Референдумдун жыйынтыгы менен аныкталган, элдин көпчүлүгүнүн эркине жараша келечектеги жаңы Конституция коомчулуктун кеңири катмарынын катышуусунда түзүлгөн Конституциялык Кенешменин, Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кенештин депутаттарынын даярдаган долбоорлорунун ичинен тандалып алынган вариантты, эл өкүлчүлүктүү орган болгон (азыркыдай партиянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн эмес), жаны тартипте шайланган Жогорку Кенеш Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү, тартипти сактоо менен кабыл алуусу керек!
2. Белгисиз тар чөйрөдө даярдалып, Конституциялык 5 жылдык мөөнөтү аяктаган, бирок, өлкөдөгү саясий форс-мажордук кырдаалга байланыштуу гана иштеп жатышкан Жогорку Кеңештеги 80 депутаттын колу койдурулуп, Референдум жолу менен жаңы Конституцияны алдырууга болгон аракет мамлекеттик бийликти дагы бир жолу узурпация кылууга аракеттенгендик деп табылып, коомдук талкуудан алынсын. Коомдук талкуу токтотулсун!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: