Бишкек – Ош унаа жолунда президентикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн үгүт баннери илинип турат. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, видеотасма кечээ, 18-ноябрда тартылган. Автор баннер Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн имаратынын жанында илинип турганын айтат.
“БШК эмнени карап отурабыз? Бул Бишкектен Ошко карай кеткен жол. Шайлоо кампаниясы баштала элек, ал эми административдик ресерсту колдонуу башталыптыр” – дейт видеонун автору.
Ал бул боюнча БШКдан тиешелүү чараларды көрүүнү суранды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ