Орусияда беш жаштагы тажикстандык кыз Хувайдо Тиллозоданы өлтүрүүгө айыпталгандардын соту 20-ноябрда кайра башталат. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун тажик кызматына маркум кыздын атасы Абдусалом Саидов билдирди.
Анын айтымында, аларга Москва облустук соту айыпталуучу Александр Семин акыл-эси жайында деп табылганы, жакында сот кайра уланары тууралуу кабар берди.
Маалыматка караганда, айыпталуучу сотко жеткирилет. Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бул иш боюнча сотко көз салууда.
Беш жаштагы Хувайдо 2018-жылы 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жолдун жээгине ташталган спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертиза кыз зордукталып, андан кийин бычакталып өлтүрүлгөнүн аныктаган.
Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү тургун, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалган. Ал Смоленск шаарындагы психиатриялык клиникага жаткырылган. Андан бери ар бир отурумдун алдында ооруканадан «Семин психикалык абалына байланыштуу сотко катыша албайт» деген маалымкат келип турган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ