“Демейде бизнесмен депутаттар тымпыйып, бийликтин айдаган жагына жүгүрөт, жүгүнөт. Маңдай тери менен бизнесин көтөрүп, анан парламентке келген Эмил Токтошев анткен жок”. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда журналист Али Токтакунов Фейсбук баракчасына билдирди.
“Демейде бизнесмен депутаттар тымпыйып, бийликтин айдаган жагына жүгүрөт, жүгүнөт. Маңдай тери менен бизнесин көтөрүп, анан парламентке келген Эмил Токтошев анткен жок. Башынан эле оппозициялык партияга кирип, принципиалдуу позициясында келе жатат. Мунун өзү эрдик.
Эмил Токтошев жаңы сунушталган Конституцияга каршы экенин айтып, демилгечи 80 депутаттын катарынан чыгып кетти.
Шерменде депутаттардын арасында абийири бийик, кошоматтан алыс, суперпрезиденттик конституцияга каршы чыккан Эмил Токтошев, Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев ИИМге суракка чакырылып жатат. Бул таптаза саясий куугунтук жана диктатуранын желаргысы! Бул алардын эркин сындыруу аракети. Бирок ага эч качан жол бербейбиз.
Эсиңди жый, эл-журт. Чындык үчүн чыркыраган балдарың менен болосуңбу же “макале”, “сексалю”, “маяне” сыяктуу сабатсыздар тараптасыңбы?“, – деп билдирүү жазды Али Токтакунов.
Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев жана Эмил Токтошев Бишкектеги 5-6-октябрь окуялары боюнча суракка чакырылышкан.
Эскилерди катыштырбоо керек эле,дагы келип ээледи парламентти Жумабеков,Бекешов,Турсунбаев,Сабиров,Торобаев,Сулайманов,Акаев,Мамытов ж.б.