Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева менен жолугушту

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 19-ноябрда, өлкөнүн вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилери катышты.

Өкмөт тарабынан өлкөдөгү социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жаатында көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Тактап айтканда, өзгөчө эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, медициналык кызматкерлерге төлөмдөрдү өз убагында берүү, дары-дармектер жана тест-системалар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу, ооруканалардын даярдыгы, социалдык жөлөкпулдар менен пенсияларды төлөө, келип түшкөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана башка маселелерге токтолушту.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүү чаралары жөнүндө маалымат берди.

Өкмөт тарабынан оорунун жайылышынан улам келип чыккан терс таасирлерди азайтуу боюнча толук кандуу иш-чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Медициналык мекемелерде тест-системалары менен жабдуулар жетиштүү экенин билдирди.

Мындан сыткары, вице-премьер-министр өлкөдөгү кырдаал жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдады.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов учурдагы түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелерин, айрыкча эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен учурдагы саламаттыкты сактоо системасы боюнча милдеттенмелерди аткарууга көңүл бурулушу керектигин баса белгиледи.

Талант Мамытов өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнүн жана пандемияга каршы күрөшүүгө багытталган иштерди өз убагында каржылоонун өзгөчө зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле медициналык кызматкерлерге максималдуу түрдө колдоо көрсөтүү, аларды бардык керектүү медициналык зарыл каражаттар менен камсыз кылуу, ошондой эле айрым дары-дармектердин жетишсиздигин жана баалардын спекуляциясын болтурбоо үчүн дары-дармектердин корун жетиштүү камсыздоонун маанисине көңүл бурду.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу иш-чараларына медициналык кызматкерлерди ыкчам тартуу үчүн медициналык кадрлардын резервин түзүүнүн маанисине токтолду.

Ошондой эле Өкмөттүн бардык социалдык төлөмдөрдү — пенсия, жөлөкпул, кенемтелерди өз убагында төлөөсү зарылдыгын баса белгиледи. Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов пандемия шартында жарандардын мамлекеттик кепилдиктер менен кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн режиминде алуусу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иштерди улантууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: