Menu

Артем Новиков: Кыш мезгилинде калкыбыз электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалышы керек

Бөлүшүү:

Кыш мезгилинде калкыбыз электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздалышы керек. Бул туурасында КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков КРнын калкын жана экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Республикалык штабдын кеңешмесинини жүрүшүндө билдиргенин бүгүн 19-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күз-кыш мезгилинен өтүү маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдө кармашы кажет. Буга катар орнотулган лимиттин алкагынан тышкаркы электр энергиясын пайдаланууга чек коюлушу керек. Эч кандай электр энергиясын өчүрүү болбошу кажет. Бизде кышты авариясыз өтүүнү камсыздоо үчүн энергоресурстар жетиштүү. Акыркы мезгилдеги авариялык өчүрүүлөр боюнча статистика түйшөлтүүдө. Энергетикалык компаниялардын жетекчилери аталган маселени чечүүгө басым жасашы керек. Калкыбыз электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан жабыркабашы керек», – деди ал.

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча маалыматын укту.

«2020-жыл оор болгонун баарыбыз түшүнүп турабыз. Акыркы окуялар республикалык бюджетти оңдоп-түздөө зарылчылыгына алып келди. Жылытуу мезгилин өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо 90%га аткарылды. Каражаттын калган бөлүгү ушул жылдын аягына чейин план боюнча которулат. Демек, каржылоонун жетишсиздиги жөнүндө маалымат орунсуз. Учурда бизден бир гана нерсе талап кылынат – күз-кыш мезгилин кыйналбай өткөрүү. Калк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кышка даяр экендигин так түшүнүшү керек», – деп премьер министрдин милдетин аткаруучу сөзүн жыйынтыктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: