Menu

Алтынбек Сулайманов эмне үчүн жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өткөрүүгө кол койбогонун түшүндүрүп берди

Бөлүшүү:
Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын  лидери Алтынбек Сулайманов “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу”  Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна эмне үчүн кол койбогондугун түшүндүрүп берди.

“Биринчиден, Конституциянын жаңы долбоорунда президенттик башкаруу системасы сунушталып жатат, а мен болсо парламенттик башкаруу системасын колдойм. Кыргызстандын келечеги, өнүгүп-өсүүсү  бул парламенттик системада экенине ишенем”, – деп билдирди депутат Алтынбек Сулайманов.

“Экинчиден, бул конституциянын авторлору ким экендиги алигиче белгисиз, алар коомчулуктун алдына чыгып, авторлукту моюнга алып,  эмне үчүн биз эскисин танып, жаңы конституцияны кабыл алышыбыз керек экенин, мурун биздин башыбыздан өткөн президенттик системанын азыр кандай зарыл болуп калганын түшүндүрүп бериши керек эле. Аны эч ким жасабай жатат. Үчүнчүдөн, бизде бийликке келгендер дароо эле конституцияны өзгөртүп, өзүнө ылайыктап жазганга киришет. Конституцияны өзгөртсөк эле Кыргызстан гүлдөп кете тургандай ойлошот. Акыркы 25 жыл ичинде канча жолу конституцияны өзгөртсөк да өлкөбүз өзгөрбөдү. Ошондуктан Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүүнү ойлобой, өлкөнү өзгөртө турган реформалар тууралу ойлоп, ошол реформаларды алга жылдырыш керек болчу. Ошондуктан мен “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу”  Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна кол койгон жокмун”, – деди Алтынбек Сулайманов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: