Бүгүнкү күндө президенттин м.а. Садыр Жапаровдун ырайым берүү жөнүндө жарлыктарына ылайык, 230 адам эркинен ажыратуу жайларынан бошотулуп, 38 соттолуучунун жаза мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий сайтында маалымдалды.
Ошондой эле, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы президенттин катчылыгына ырайым тууралуу 1800дөн ашуун кайрылууну жөнөткөндүгү маалымдалды. Жакында алар боюнча чечим кабыл алынышы күтүлүүдө.
Конституцияга ылайык, ырайым берүү Президент тарабынан жекече аныкталган адамга карата гана берилет. Ырайым кылуу актысы президенттин жарлыгы менен кабыл алынып, өтүнүч келтирген соттолгон адамга жөнөтүлөт. Эгерде ырайым берүү өтүнүчү четке кагылса, Президент расмий чечим чыгарат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ