Адам укуктарын коргоо комитети парламент депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев, Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигине суракка чакырылгандыгы боюнча билдирүү жасады.
Комитет мүчөлөрүнүн пикири боюнча, укук коргоо органдарынын бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына кысымы деп эсептөө керек.
“Тагыраак айтканда, учурдагы бийликке каршы, өлкөдөгү кырдаал жөнүндө, айрыкча Конституциянын шашылыш түрдө кайра иштелип чыгышы, парламенттик жана президенттик шайлоонун датасы жөнүндө ой-пикири бар эл депутаттарына карата кысым”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин жубайы Рысгүл Акимжанова Фейсбукка күйөөсүнө алып келген чакыруу баракчасынын сүрөтүн жарыялаган. Ал 5 жана 6-октябрдагы Бишкектеги окуялар боюнча укук коргоо органдарына күбө катары суракка чакырылган.
Мындан тышкары, депутаттар Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев чакырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ