“Абдил Сегизбаев капыстан чыга калып, конституциялык реформанын мыйзамсыздыгы, авторитаризм ж.б. тууралуу кыйкыра баштады. Дал анын мындайды айтууга моралдык укугу жок” – деп жазды саясат таануучу Сания Токтогазиева 19-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
“2016-жылы Атамбаевдин учурунда конституцияга таптакыр каршы өзгөртүүлөр кабыл алынган. Андан кийин ал жана анын УКМК командасы авторитардык ыкмаларды колдонуп, ошол маскара референдумду өткөрүү үчүн көп күч-аракет жумшашты. Көп жагынан алганда, ушул түзөтүүлөрдүн аркасында биз учурдагы болуп жаткан нерселерге ээбиз” – деди ал.
Белгилей кетсек, жаңы долбоор 17-ноябрда коомдук талкууга жарыялангандан кийин коомчулукта наазачылыктар пайда болду. Көпчүлү Конституция эмес эле, “Ханституция” болду деп айтып сындашууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ