Menu

Кыргызстанда дагы 386 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 6 бейтап көз жумду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 386 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 119, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 118, Ош облусунан – 30, Талас облусунан – 17, Ысык-Көл облусунан – 55, Жалал-Абад облусунан – 7, Баткен облусунан – 27, Нарын облусунан – 11 катталган. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 68 702 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 427 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 59 789га жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 91, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 81, Ош облусунан – 55, Ысык-Көл облусунан – 33, Жалал-Абад облусунан – 85, Баткен облусунан – 66, Нарын облусунан – 3.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 6 адам: Бишкек шаарынан – 4, Нарын облусунан – 1, Ош облусунан -1. Жалпы саны 1223кө жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: