Menu

Жайыл районунда аялы күйөөсүнө бычак сайган. Алган жараатынан улам ал ооруканада каза болгон

Бөлүшүү:

Жайыл районунда аялы күйөөсүнө бычак сайган. Алган жараатынан улам ал ооруканада каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-ноябрь күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында Жайыл районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, бычактан алаган жаракатынан улам Сосновка айылынын 32 жаштагы жашоочусу С.А. келип түшүп, өзүнө келбей ооруканын жандандыруу бөлүмүнөн каза болгондугу тууралуу мааымат келип түшкөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тергөө кызматы тарабынан баардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, каза болгон жарандын 29 жаштагы жубайы А.А. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө бирге алкоголдук ичимдик ичип отурушуп, ортодо пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынтыгында аялы күйөөсүнүн моюн тарабына бычак менен жаракат келтирип, күйөөсү ооруканадан каза болгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш  иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: