Menu

Дастан Бекешев Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу процессине кийлигишкендиги үчүн президенттик администрациянын кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылууда

Бөлүшүү:

Депутат Дастан Бекешев Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу процессине кийлигишкендиги үчүн президенттик администрациянын кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылууда. Бул тууралуу ал Твиттерге жарыялады.

Буга чейин Конституциянын долбоору камтылган файлды Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев түзүп, редакциялаганы белгилүү болгон. Андан кийин документ 80 депутаттын атынан Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Ошол эле учурда, депутаттар өзүлөрү документти үстүртөн гана изилдеп, ал тургай анын авторлорун билбей туруп, кол койгонун моюнга алышат.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек ар кандай маалымат каражаттарында Конституциянын чуулгандуу долбоорун түзүүгө президенттик администрациянын катышуусун четке какты, бирок ал документ президенттик администрация аркылуу өткөнүн кыйыр түрдө тастыктады.

“Авторлор документти президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго айдын башында алып келишкен. Ал документти юридикалык бөлүмгө жөнөткөн, ал документти мыйзам түрүндө тариздеп, андан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген. Зулпиев кол койгон, ошондуктан анын ысымы өзгөчө көрсөтүлгөн”, – деп түшүндүрдү Байтерек.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда президенттин пайдасына жаңы ченемдерди киргизген Конституциянын долбоорун коомдук талкууга 80 депутаттан турган топ сунуштаган. Референдумду президенттик шайлоо менен кошо 10-январда өткөрүү сунушталууда, бирок буга чейин эксперттер Конституциянын долбоорун даярдоо жана аны кабыл алуу татаал процедура жана алты айга созулушу мүмкүн деп түшүндүрүшкөн. Ошол эле учурда, депутаттар өздөрү документти ар тараптуу изилдебестен, өз колун койгонун жана тексттин автору ким экендигин билбей тургандыгын моюнга алышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: