Menu

Конституциялык кеңешменин курамына кимдер кирди? – Тизме

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-ноябрда Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлдү. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тийиштүү Жарлыкка кол койду.

Конституциялык Кеңешмеге 89 адам мүчө болуп кирди. Алар:

1. Бөрүбашев Бекбосун Ишенбекович – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин Эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор, Конституциялык кеңешменин төрагасы,

2. Керезбеков Канат Керезбекович – КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты, Конституциялык Кеңешменин төрагасынын орун басары,

3. Тогусаков Осмон Асанкулович – Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары.

4. Абдраимов Абсалам – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эксперти,

5. Автандилова Сайкал Молдошевна – ИИМдин Академиясынын Мамлекеттик жана укуктук дисциплиналар кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты.

6. Айдаров Салайдин Абдираевич – “Кыргызстан” фракциясынан ЖКнын депутаты.

7. Акматалиев Абдылдажан Амантурович – Улуттук илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик.

8. Алиев Медер Кубанычевич – көзкарандысыз эксперт.

9. Алимбеков Нурбек Каарыевич – “Кыргызстан” фракциясынан ЖКнын депутаты.

10. Алымбеков Кеңешбек Асанкожоевич –  М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин профессору, техника илимдеринин доктору.

11. Аманалиев Урмат Олжобекович – Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору, юридика илимдеринин доктору.

12. Арабаев Автандил Анисович – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор.

13. Арабаев Чолпонкул Исаевич – Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөө жана экспертиза борборунун директору, мүчө-корреспондент.

14. Аркабаев Нооманжан Акматович – ЖКнын экс-депутаты.

15. Асанканов Абылабек АсанкановичУлуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, мүчө-корреспондент.

16. Атабеков Боконбай – коомдук ишмер.

17. Ашыралиев Кемель – коомдук ишмер.

18. Баетов Батыркул Исаевич – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору.

19. Байжиев Мар Ташиевич – Кыргызстандын Улуттук киноакадемиясынын академиги, Эл жазуучусу.

20. Байсалов Эдил Жолдубаевич – Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.

21. Бардинова Нуржан Арзыкуловна – Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы.

22. Бокоев Кенжебек Сатымкулович – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖКнын депутаты.

23. Бокоев Жаныбек АбдраевичЖ.Баласагына атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, юридикалык илимдердин кандидаты.

24. Болтобаева Венера Мурзаевна – “ЛАРК Аналитикалык изилдөө борбору” КФнын директору.

25. Ботоева Чынара КычийевнаИИМдин Академиясынын Мамлекеттик-укуктук дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы, юридика илимдеринин доктору, доцент.

26. Жаилов Жумабек Сатаевич – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору.

27. Жаманкулов Марат Тургунбаевич – Юстиция министри.

28. Жураев Абубакир Мухтарович – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин Дизайн жана архитектуранын математикалык негиздери кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор.

29. Естебесов Адыл Жээнбекович – Өкмөт аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

30. Жапаров Акылбек Усенбекович – “Бир Бол” фракциясынан ЖКнын депутаты.

31. Жапаров Турдубек ТурдалиевичМамлекеттик башкаруу академиясынын доценти, экономика илимдеринин доктору.

32. Жунус уулу Адыл – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖКнын депутаты.

33. Зулушев Курманкул Токторалыевич – генпрокурор.

34. Ибраев Байтемир Карыпбекович – экс-генпрокурор.

35. Иминов Махамаджан СаитовичПрезиденттин Администрациясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.

36. Исаков Эсенгул Байдалиевич – экс-депутат.

37. Исмаилов Нурлан Асанович – Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин юриспруденция кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент.

38. Исманов Таалайбек Кадырович – Дистанттык окуу боюнча мультимедиялык институтунун доценти, юридика илимдеринин доктору.

39. Кадыралиев Алмаз ТоктобековичМ.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин кандидаты.

40. Кайыпов Марат Таштанович ­- коомдук ишмер.

41. Калиева Гүлбара Үтүровна – Жогорку соттун төрайымы.

42. Карашев Аалы Азимович – КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты.

43. Кенжебаев Байгазы Бобунович – “Кыргызстан” фракциясынан ЖКнын депутаты.

44. Койчуманова Чолпон УрушбековнаУлуттук илимдер академиясынын Борбор Азиядагы гуманитардык изилдөө борборунун башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор.

45. Кошалиев Кадыр Амиракулович – журналист,коомдук ишмер.

46. Курманкожоев Улугбек МукамбаевичРоссиянын Элдер достугу университетинин юриспруденция багыты, магистр даражасы.

47. Курманов Данияр КубанычбековичЖогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы.

48. Кыдыралиев Сыргак Капарович – Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти, физика жана математика илимдеринин кандидаты.

49. Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖКнын депутаты.

50. Летова Ирина Витальевна – көзкарандысыз эксперт.

51. Малабаев Болот НурбаевичЖ.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин докторанты.

52. Мамасаидов Алимардонбек Махаммаджанович – адвокат, юридика илиминин кандидаты.

53. Маматалиев Марлен Абдырахманович – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖКнын депутаты.

54. Маматкеримова Гульмира Рысбековна – көзкарандысыз эксперт.

55. Мамытов Токон Болотбекович ­­- акыйкатчы.

56. Молдобекова Гулкан Сакиновна – КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты.

57. Мукасов Ысманалы Мукасович – Улуттук илимдер академиясынын Улуттук жана чет элдик философия бөлүмүнүн башчысы, мүчө-корреспондент.

58. Мураталиев Мелис Казакбаевич – “Бакдөөлөт” фондунун жетекчиси.

59. Мусаев Сыртбай Жолдошович – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор.

60. Мутуев Нурдин Аманканович – журналист, коомдук ишмер.

61. Нурматов Темирбек АсановичДипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты.

62. Өмүрзаков Аманбай Токторович – “Фонд Регистр” ЖЧКсынын башкы директору.

63. Орозбаев БектурганЖергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директорунун орун басары.

64. Осмоналиев Каныбек ОсмоналиевичФизика-математика илимдеринин доктору.

65. Примов Улан Бердибаевич – КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты.

66. Райымкулов Бактыбек Кемелбекович – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖКнын депутаты.

67. Райымкулов Билим СардалбековичАдвокатуранын Адвокаттар Кеңешинин төрагасы.

68. Салиев Бахтияр Усманович – Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

69. Саралаев Нур КеримкуловичУлуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана коомдук-саясий изилдөө институтунун директору, философия илимдеринин доктору.

70. Сарыбаев Асанбек Мукашевич - коомдук ишмер.

71. Сманалиев Кынат Мойнокович Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор.

72. Сооданбеков Жумагулкоомдук ишмер, академик.

73. Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович – “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты.

74. Сыдыкова Лейла Чынтургановна – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин проректору, юридика илимдеринин доктору.

75. Сырдыбаев Нурлан Муратбаевич – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖКнын депутаты.

76. Токсонбаев Болот Темирбекович М.Рыскулбеков аАтындагы Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин доктору.

77. Токтобаев Болот Токтомышевич – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекет, укук теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору.

78. Төралиев Садирдинкоомдук ишмер.

79. Турсунбаева Назира Сартбаевна – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин Эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын доценти, юридикалык илимдердин кандидаты.

80. Турсунбек Акун – экс-акыйкатчы.

81. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович – “Бир Бол” фракциясынан ЖКнын депутаты.

82. Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович – “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖКнын депутаты.

83. Чакиев Максат Жолдошбекович – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору.

84. Шайымбетов Казыбек Орозакунович – ЖКнын экс-депутаты.

85. Шамшиев Улан Насирдинович – көзкарандысыз эксперт.

86. Шерипов Нурлан Турганбекович – Юридика илимдеринин доктору, профессор, конституционер.

87. Эргешов Зайырбек Жолчуевич – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-директору.

88. Эсеналиев Эркин Шаршенбекович – коомдук ишмер.

89. Юсуров Абдумажит Лелезович – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖКнын депутаты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: