Menu

Улан Саляновдун өлүмү боюнча сотто адвокат айыпталуучуларды мыйзам чегинде толук жазалоону суранды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда экс-генпрокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум уланууда. Отурумда тараптар жарыш сөзгө өтүштү.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Рабига Садыкова тергөө учурунда Улан Саляновду өлтүрүүдө саясий себептер эске алынган жок деп билдирди.

«Айыпталуучунун туш болгон үйгө эле каракчылык кылуу үчүн келгенбиз деген жүйөөсү негизсиз. Оштогу айыпталуучулардын кылмыштуу аракеттери алардын даяр экендигин, алардын курал-жарактары болгонун көрсөтүп турат. Саясий мотив тергөө тарабынан дагы, сот тарабынан дагы иштелип чыккан эмес. Үчүнчү шектүүнү өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылдым, бирок прокуратура колдогон жок. Айыпталуучулардын мыйзам чегинде толук жазаланышын суранам”, – деди Рабига Садыкова.

Аида Салянова ошондой эле адам өлтүрүүнүн саясий себептери тергөө тарабынан иштелип чыкпагандыгын белгиледи. Тактап айтканда, киши өлтүрүүгө буйрутма берген адам аныкталган эмес.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 6-ноябрь түнү Көк-Жар конушунан беткапчан үч кылмышкер үйгө кирип келип, 1975-жылы туулган Улан Саляновду атып кетишкен.

Ошол эле жылы ноябрда 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов бул кылмышка шектүү делип кармалган. Ал мурда дагы бейбаштык, тоноочулук, уурулук боюнча соттолгон экен.

2019-жылдын май айынын аягында Москвадан Токмоктун тургуну, 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов кармалган, ал мурда эле оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: