“Ак-Илбирс” улуттук киносыйлык катчылыгы маалымдагандай, тасма Кыргызстандын Оскар комитети тарабынан көрсөтүлгөн, анын жыйыны 19-ноябрда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө өткөн.
2020-жылы Оскар сыйлыгы 2021-жылы 25-апрелде Лос-Анжелесте өтөт. Учурда чет мамлекеттердин комитеттери сыйлыктын узун тизмесине өз талапкерин тандашат, андан кийин киноакадемиянын атайын калыстар тобу кыска тизмеге чыгармаларды тандап алышат.
Эске сала кетсек, “Жөө күлүк” тасмасы “Ой Арт”, “Кыргызфильм” киностудиялары жана “Билимкана” мектеби тарабынан Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган. Тасманын сценарийи Мирлан Абдыкалыков жана Эрнест Абдыжапаровго таандык. «Жөө күлүк» тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтүп, кино сынчылардын ФИПРЕССИ сыйлыгына ээ болгон. Буга чейин Мирлан Абдыкалыков тарткан «Сүтак» тасмасы эл аралык Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ