Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Экономикалык процесстердин динамикасын активдештирүү зарыл

Бөлүшүү:

Экономикалык өнүгүү темптеринин төмөндөшүн жайлатуу иретинде экономикалык процесстердин динамикасын активдештирүү зарыл. Бул туурасында КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиков мамлекеттик программаларды каржылоо маселеси боюнча кеңешмеде билдиргенин бүгүн, 20-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«2020-жыл экономикалык өсүштү стимулдаштыруу боюнча КРнын Өкмөтүнүн программасына олуттуу түзөтүүлөрдү киргизди. Бул бизге экономикалык өнүгүү үчүн туруктуу базаны түзүүдө өз ишибизди активдештирүү канчалык деңгээлде зарыл экендигин дагы бир жолу далилдейт. Мисалга, «Ишкерлик субъектилерин каржылоо» программасы боюнча каржылоо көлөмдөрүн кеңейтүү зарыл деп эсептейм. Жалпыбызга белгилүү болгондой, бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү буга жол бербейт, бирок башка жолубуз бар, мында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен диалогду активдештирүү кажет», – деди Артем Новиков.

Ошондой эле ал «Кепилдик фонд» ААК уставдык капиталын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

«Буга катар лизинг операцияларын активдештирүү боюнча  милдет турат. Биз 2020-жылдын соңуна чейин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жардамы аркылуу «Айылбанк» ААК лизинг портфелин кошуу менен өз уставдык капиталына ээ лизинг компаниясын түзүүнү пландаштыруудабыз. Бүгүнкү күндө бул милдет – актуалдуу. Декабрь айында 2021-2022-жылдарга 4,5 млрд сом суммасындагы лизинг портфели боюнча болжол түзүү мүмкүн болот деп эсептейм. Ипотекалык насыялоонун темпи да жайлап калды. Бул дагы бюджеттин абалына байланыштуу. Калкка ишибиздин реалдуу натыйжасын көрсөтүү аркылуу зарыл долбоорлорду ишке ашырууну жандандыруу боюнча милдеттерди чечүү маанилүү эсептелет», – деп жыйынтыктады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: