Menu

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева: Милдеттүү медициналык камсыздоо тутумунда бир катар реформаларды жүргүзүү маселесин иштеп чыгуу зарыл

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун КРдагы өлкөлүк кеңсесинде өткөн милдеттүү медициналык камсыздоо тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча тегерек стөлгө катышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Эльвира Сурабалдиева өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү артыкчылыктарын эске алуу менен медициналык камсыздоо тутумун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү, анын ичинде медициналык камсыздоо маселеси эң маанилүү саналат. Милдеттүү медициналык камсыздоо тутумунда бир катар реформаларды жүргүзүү, анын катарында мамлекеттик жана жеке медициналык тейлөөнү аткаруучулар үчүн бирдей шарттарды камсыздоо маселесин иштеп чыгуу зарыл», – деди вице-премьер-министр жана Республикалык ыкчам штаб тарабынан каралуучу актуалдуу маселенин бири катары жеке саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык тейлөөлөрдү көрсөтүүсү жана сатып алуулары саналаарын кошумчалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Назира Артыкова мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын милдеттүү медициналык камсыздоо тутумун өнүктүрүү боюнча күч-аракетин координациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актуалдуу маселелердин чөйрөсү боюнча мындан ары карай жемиштүү кызматташуусуна ишеним билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: