Menu

Конституциялык кеңешме өз ишин баштады

Бөлүшүү:

«Кыргызстандын эли — Кыргыз Республикасында эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы,» — деп белгиледи КРнын президентинин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 20-ноябрда, Конституциялык кеңешменин биринчи жыйынын ачып жатып. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Сүйүнбек Касмамбетов баса белгилегендей, 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар өлкөдө туруксуздуктун, саясий жана экономикалык системанын стабилдүү эместигинин натыйжасы болду.

Ал элдик толкундоолор ушул жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга, өлкө президенти менен Өкмөт башчысынын кызматтан кетүүсүнө, ошондой эле конституциялык реформаларды жүргүзүүнүн, жаңы эрежелер боюнча мамлекеттик институттарды элдин талабына ылайык түзүү зарылчылыгына алып келгенин эске салды.

«Адамзаттын жогорку баалуулуктары — жарандын жана адамдын укуктары менен эркиндиктери жалпыга таанылган баалуулуктар экени белгилүү. Бул укуктар менен эркиндиктерди камсыз кылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз милдети болуп эсептелет. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары элдин бир бөлүгүнө эмес, жалпы элге кызмат кылууга тийиш. Ар бир адам коомдогу ээлеген ордуна карабай, жарандык укуктарын — шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын чектөөгө болбой тургандыгын түшүнүшү керек, Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматтын үстөмдүгүнө эмес, элдин бийлигинин үстөмдүгү принцибине негизделерин билиши зарыл», — деп баса белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.

Президенттин аппарат жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу «Конституция жөнүндө» мыйзамдын долбоорун сунуштагандыгын, андан соң президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Жарлык чыгарып, ага ылайык кадыр-барктуу, билимдүү, жогорку квалификациялуу адистер менен коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлгөнүн белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов Конституциялык кеңешменин ишине ийгиликтерди каалап, анын катышуучуларына мезгилдин жана коомчулуктун талабына жооп берген Конституциялык реформа жүргүзүүгө мыкты сунуштарды иштеп чыгаарына ишеним артарын билдирди.

Конституциялык кеңешме конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүү концепциясын; адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери; мамлекеттик бийликтин системасы; мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруу жана чектөө, ошондой эле башка маселелер боюнча талкуу жүргүзөт.

Талкуунун жыйынтыгында Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңешке «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча сунуштарды киргизет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: