Menu

Бекбосун Бөрүбашев: “Конституциялык кеңешме 20 күндөй иштейт”

Бөлүшүү:

Конституциялык кеңешме өз ишин 20 күндө бүтүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн , 20-нобрда Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, кеңешменин мүчөлөрү Конституциянын долбоорунун ар бир пунктун карап чыгып, өз сунуштарын киргизишет жана Жогорку Кеңешке жөнөтүшөт, мындан кийин кеңешменин 89 мүчөсү дагы өлкөнүн башкы мыйзамынын авторлоштору болуп эсептелип калат.

“20 күндүн ичинде бардыгын карап чыгууга жетишебиз. Биздин контингент даярдалган, көпчүлүгү илимпоздор. Мен башка адамдардын маанилүүлүгүн жана кадыр-баркын төмөндөтпөйм, депутаттар, аксакалдар да бар. Биздин аксакалдардын кандайча жигердүү экендигин көрдүңүздөр. Бул иш менен күрөшөбүз деп ишенем”, – деди ал.

“Эгерде бизде бардык процедуралар боюнча 10-январга чейин жетишсек, анда референдумду президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүүгө болот. Бул менин оюм”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: