Menu

Генпрокуратура: “Кыргыз Текстиль ЛТД” ишканасы (“Ихлас”) Ош шаарынан жер тилкени базар баасынан 30 эсе арзан сатып алган

Бөлүшүү:

“Каганат Инвест” холдингинин курамына кирген “Кыргыз Текстиль ЛТД” ишканасы “Кыргыз унаа курулуш” заводу жана “Ихлас” курулуш компаниясы менен биргеликте Ош шаарынын мэриясынан жер тилкесин базар баасынан дээрлик 30 эсе арзан алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер тилкесин сатуу учурунда Ош шаарынын прокуратурасы 70 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кең-Сай массивинин аймагындагы 25 гектар аянттагы жер тилкеси вице-мэрдин 2020-жылдын 4-сентябрындагы No233 жарлыгы менен 2,5 миллион сомго «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКнын менчигине түз сатуу жолу менен берилген. 2020-жылдын 6-октябрында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Оштогу филиалы тарабынан жеке менчик укугуна тиешелүү акт түзүлгөн.

Шаардык прокуратура жер тилкенин базар баасын аныктап, текшерүү жүргүздү. Базар баасы 72 миллион сомду түздү. Ошентип, төмөн баалоо 69,5 миллион сомду түздү же базар баасынан дээрлик 30 эсе төмөн.

Мындан тышкары, сатууда көрсөтүлгөн сумма дагы (2,5 миллион сом) чындыгында мэриянын бюджетине түшкөн эмес.

Натыйжада, Ош шаардык мэриясынын жооптуу адамдары мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришти.

“Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан чогултулган материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын белгиси боюнча 11-ноябрда КЖБРга катталган. Андан аркы иликтөөнү уюштуруу Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКсы, “Кыргыз Унаа Курулуш” заводу жана “Ихлас” курулуш компаниясы 2019-жылы ишкерлер Нурбек Осмонов жана Айжигит Апсатар уулу тарабынан түзүлгөн “Каганат Инвест” холдингинин курамына кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: