Menu

Кыргызстанда дагы 447 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 4 бейтап көз жумду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 447 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 200, Ош шаарынан – 16, Чүй облусунан – 86, Ош облусунан – 25, Талас облусунан – 20, Ысык-Көл облусунан – 49, Жалал-Абад облусунан – 29, Баткен облусунан – 17, Нарын облусунан – 5 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 69 149 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 505 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 60 294кө жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 103, Ош шаарынан – 24, Чүй облусунан – 113, Ош облусунан – 55, Ысык-Көл облусунан – 59, Жалал-Абад облусунан – 53, Баткен облусунан – 79, Нарын облусунан – 4.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам: Бишкек шаарынан – 3, Талас облусунан -1. Жалпы саны 1227ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: