Menu

“Өлкөбүз артка кетти. Кадр саясатында башаламандык уланууда”

Бөлүшүү:

“Төңкөрүштүн шары менен бир топ жогорку кызматтарга “адашкандар” келип алышканы оркоюп көрүнүүдө. Көчөдө жана соцтармакта кыйкыргандардын заманы келгени ушулбу? Кадрлар иштей албай атышса кантип өнүгөбүз? Бул жагынан ырааттуу саясат жүргүзсө болот беле?” деген собол салдык.

Эмил Токтошев, ЖК депутаты:

– Кандай гана мамлекеттик кызмат болбосун профессионалдар келмейин иш алдыга жылбайт. Соцтармактарда отуруп алып сындап, акыл айткан башка, ал эми чындап системаны ичинен көргөн, тажрыйба алган адистердин жасаганы бөлөк да. Биз жасаган иштерине көңүл бурбай, соцтармакта кооз жазылган сөздөрүнө ишенип алып атабыз. Мамлекеттик кызматтарды экспериментке берип, “иштеп көрсүн” деген болбойт! Бизде убакыт жок. Күндөн-күнгө сазга батып бара жатабыз. Сөзсүз катуу талаптар болуш керек: иш стажы, адистиги, коомдук жасаган иштери, жашы, мамлекеттик тилди билүүсү ж.б. Кадрдык башаламандык акыры келип ар кимдин өзүнүн башына тийген муш болуп атканын көрүп-билип туруп, кайра эле ошол каталарды кетирип атышат.

Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер:

– Биздин өлкөдө ушуну менен 3-революция болду деп айталы. Оңолбойт окшойбуз. Анткени, баягы эле сапатсыз адамдарды бийликке алып келип иштетебиз. Бирок, билими, тажрыйбасы жоктор кантип иштейт? Кантип мамлекетти алдыга жылдырабыз? Ушул маселелер абдан орчундуу болууда. Биздин жетекчилик кызматтарга ар кайсы адамдардын сунушу менен жакшы тарыхы жок адамдар келип атышат. Айрымдары криминалга малынган, кээ бирлери мурунку коррупционерлер дегендей… А кээ бирлери жумушту аркалап кете албай куулуп кеткендер кайра эле ошол жумушка келип атышат. Ошолордун баарын эл көрүп атат да, демек, алардан иренжип, “баягылар эле бир жерди айланчыктап жүрүшөт. Булар бизди жыргатпайт” деп үмүттөрү өчүп бараткансыйт.

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

– Бизде 30 жылдан бери мамлекеттик кадр маселеси, кадр саясаты оң жолго коюлуп, туруктуу иштеп кете алган жок. Негизи мамлекеттик кадр саясаты – бул илимий, атайын институт катары өзүнчө стратегиясы, концепциясы жазылган система болуш керек. Ар бир кызматка билимдүү, профессионалдуу кадрларды алып келүү, аларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча ар кандай шарттарды түзүш керек болчу. Мыйзам катары ал институттар ыплас, коррупцияга малынган, же ишти жөндөп кете албаган адамдарга жол бербеген система болуусу шарт. Тилекке каршы, бизде мындай иштер жүргүзүлгөн жок. Көбүнчө баардык жерде адамдан көз каранды болгон система түзүлүп калган. Ал жерге кайсы адам келсе, анын көз карашына карата иш жүргүзүлөт. Эгерде ал адам иштегенди билбесе, жакындарын апкелип, ошол системага отургузуп, ал жерди чириткенге шарт түзүлүп калган. Ошондуктан бизде буга чейинки революцияларда оппозиция өзүнүн тарапташтарын апкелип, аларды колдогон адамдарга ар кандай кызматтарды берген жаман салтка айланып кеткен. Президент дагы башкаруу бийлик бутактарына өзүнүн адамдарын коюп келет. Адистигин караган жок. Билсе да, билбесе да баары бир. Ушундай маданият орноп калды. Биз ошондой жаман үлгү менен инерция сымал кетип атабыз. Ушундан улам биздин өлкөдө башаламандык орноодо. Негизи мындай көрүнүш мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө чоң жолтоо болуп атат.

Анарбек Усупбаев, “Манас ордо” коомдук фонддун жетекчиси:

– Биздин мамлекет эгемендик алып, Аскар Акаев келгенден баштап оңолгон жокпуз. Эмнеликтен? Ошол эле кадр маселесинин айынан. Кадрлардын баары ууру-кески болуп чыкпадыбы. “Мен-мен” деген лөктөр Кумтөрдү талап-тоноп баштагандан кийин берки чабактар “а эмнеге бизге болбосун?” дешип, коррупцияга белчесинен батышты. Кадрлардын көбү билимсиз. Өздөрүнүн ким экенин билбейт. Эптеп бир окуу жайдын дипломун пара берип алып койгон. Союз учурунда ушундай беле? Ал убакта кадр маселеси – идеологиянын өзөгү болчу. Ар бир кадрды тандоодо, аны өстүрүүдө эң ылдыйкы тепкичтен баштап тажрыйба топтоп, бышып жетилип калганда жогору жакка жылдырчу. Азыр анын бири жок. “Адашкандар” эле келип атат. Өз ишин билбейт. Бир да жолу жетекчилик кызматта иштебегендер бизди башкарышууда. Анан кантип оңолобуз? Даяр оокатка келип алып, кээ бирөө “какап” атат, кээ бирөө “чакап” атат. Өлкөдө кадр маселесин оңдош үчүн парламентаризмди калтырып, президенттикти жоюш керек. Көрүп атпайбызбы, президент келип, айланасына ага-тууган, жээк-жааттарды чогултуп алып, түшпөс ханга айланып атат.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия Ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: