“Улукбек Өмүрзаковду мен 1998-жылдан бери жакшы тааныйм, ал кыргыздын патриот, 5 убак намаз окуган, жумасын калтырбаган, кудайдан корккон мусулман, чыгаан, эл баатыры десек жаңылышпайбыз… Бирөөнүн мал-мүлкүнө көз артпаган адам. Канчалаган баатырларды, спортчуларды даярдап, кыргыздын желегин дүйнөдө желбиреткен адам. Бүгүн анын башына оор сыноо келип турат”, – деп билдирди бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз ислам университетинин мугалими Шермухаммед Ахматжан уулу.
“Кимдир бирөөлөр анын үстүнөн каралоолорду жүргүзүп жатат. Кимдир бирөөлөр ушул баатырды сындырганга аракет кылып жатат”, – деди устаз Шермухаммед Ахматжан уулу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ