Menu

Фото – Аламүдүн районунда даракка асылган адамдын жансыз денеси табылды. Денесинин айрым жерлери скотч менен оролгон

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунда жергиликтүү тургундар белгисиз адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, милицияга даракка асылган адам тууралуу билдирүү кечээ, 21-ноябрда саат 13:30 чамасында келип түшкөнү такталды.

Бул маалыматты Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы тастыктады. Бөлүмдүн маалыматы боюнча, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Каза болгон адам асынган абалда табылган. Денесинин айрым жерлери скотч менен оролгон. Учурда жагдайлар иликтенип жатат. Каза болгон адамдын өздүгү тактала элек. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: