Menu

Стамбулда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселеси талкууланды

Бөлүшүү:

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча координациялык комитеттин жыйыны 20-ноябрда Стамбул шаарында өттү. Бул иш-чара түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын катышуусунда гибриддик форматта өттү. Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кийинки жылы Түркияда Бурса шаарында өтөт. Бул тууралуу Түркиянын “Hürriyet” маалымат агенттиги билдирет.

Жолугушуу Стамбулда түрк кеңешинин баш катчысынын орун басары Омар Коджамандын жетекчилиги астында өттү.

Түркия, Азербайжан, Кыргызстан жана Венгриядан келген делегациялар, ошондой эле Түрк кеңешинин жана Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын өкүлдөрү катышкан жыйында коронавирус пандемиясынын айынан Казакстан менен Өзбекстандын делегациялары жолугушууга онлайн режиминде кошулушту.

Отурумда калыстык кылуу, жалпы маданиятты жандандыруу жана сактоо, ошондой эле мүчө өлкөлөрдүн маданияттар аралык сүйлөшүүлөрүн жайылтуу максатында, жолугушуунун катышуучулары билдиришкендей, өткөрүүнүн жол-жоболору, оюндардын негиздери жана эрежелери талкууланды.

Эске салсак, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн элдеринин жана дүйнөнүн башка элдеринин спорттук оюндарын сактоо, коргоо жана жайылтуу максатында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу идеясы биринчи жолу 2012-жылы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында пайда болгон. Быйыл бул мелдештерди өткөрүүнү мүчө мамлекеттердин башчылары Түрк кеңешинин саммитинде макулдашкан. Алгачкы үч мындай мелдешти Кыргызстан 2014, 2016 жана 2018-жылдары уюштурган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: