Menu

“Ата Мекендин” штабына агрессивдүү адамдар келишип, Өмүрбек Текебаев менен жолугушууну талап кылышты

Бөлүшүү:

Бишкекте белгисиз адамдар “Ата Мекен” партиясынын штабына келип, ал жерде жаңжал чыгарышты. Бул тууралуу активист Искен Афиджанов Facebook баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-ноябрда штабга саат 16:00 чамасында 20 чакты адам келгени такталды. Алар саясий партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаевден элден кечирим сурашын талап кылышты.

Өмүрбек Текебаев так кайсы нерсе үчүн кечирим сурашы керек экендигин айтышкан эмес. Бир нече убакыт өткөндөн кийин белгисиз адамдар кетип калышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев жаңы Конституциянын долбооруна каршы чыгып, андан баш тартуунун зарылдыгын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: