Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы жөө жүрүш өтүп жатат. Көпчүлүк активисттер Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө катуу тынчсыздануусун билдиришти жана баардыгын референдумга каршы биригүүгө чакырышты.
Тынчтык жүрүшү Темир жол бекетинде саат 12:00дө башталды. Андан кийин жөө жүрүштүн катышуучулары парламент имаратын көздөй жөнөшөт.
Белгилей кетсек, Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрь кечинде жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн.
Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин алгач Садыр Жапаров көтөрүп чыккан. Ал бул жөнүндө көп жолу айткан. Бирок, негизги мыйзамды кайра жазуу аракети алтынчы чакырылыштагы парламенттин депутаттарына өткөрүлүп берилди, алар иш жүзүндө 28-октябрдан кийин легитимсиз болуп калышты, анткени ыйгарым укуктары аяктаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ