Нарын облусунун Кочкор районунда санжырачы Султанбеков Мурат Алдаярович каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Туугандарынын айтымында, ал 1962-жылы Кочкор районунун Кош Дөбө айылында төрөлгөн.
5 кыз, 3 уулун таштап кетти. Эң кичүү баласы мектепке бара элек.
Мурат Султанбеков Бишкек шаарындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасында иштеген. Азыр ал жерде жубайы Атыркүл жана кызы Тумар иштешет.
Туугандарынын айтымында, Мурат Султанбеков 2 жыл мурун селсаяктан таштандыны таштабоону суранган. Бул суранычка селсаяк аны башка таш менен урган. Андан кийин ден-соолугунда олуттуу көйгөйлөр жарала баштаган. Мурат Султанбековдун сөөгү Бишкек шаарында жерге берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ