Menu

Өзбекстанда COVID-19 тесттери эки эсеге кымбаттады

Бөлүшүү:

Өзбекстанда пандемия маалында жеке дарыканалар антивирустук препараттардын баасын кымбаттатып жиберишкен. Жеке клиникалар тест жүргүзүү кызматын дээрлик эки эсеге – 250 дөн 400 миң сумга (24-38 доллар) көтөрүшкөн.

Быйыл май-июнь айларында Экономикалык иликтөөлөр жана реформалар борбору сурамжылоо жүргүп, ага 3670 киши катышкан. Респонденттер пандемия учурунда вируска каршы дары-дармектер өтө кымбаттап кеткенин билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 74% кирешелери кыскарганына, 58% жумушсуз калганына даттанышкан.

Мындан тышкары пандемия маалында респонденттер башка да көйгөйлөргө туш болушканын белгилешкен.

Алардын арасында:

– күнүмдүк кызмат көрсөтүүдөгү көйгөйлөр (36%);

– мектепке чейинки билим алуу (32%);

– орто билим алуу (31%);

– азык-түлүктөрдүн баасынын кымбаттоосу (23%);

– коммуналдык төлөмдөр боюнча карыздар (15%);

– стресс жана тынчсыздануу (9%);

– жакынкы дүкөндөрдө азык-түлүктүн тартыштыгы (6%) түзгөн.

Сурамжылоого катышкандардын 25% жашоо шарты төмөндөгөнүнө даттанышкан. Ага карабай, респонденттердин 75% абал жакшы жагына өзөрүлөрүнө ишене турганын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: