Menu

ДССУ: Европада COVID-19дун үчүнчү толкуну 2021-жылдын биринчи айларында башталышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Коронавирустун үчүнчү толкуну, эгерде Европа өлкөлөрү ага каршы күрөшүү үчүн инфраструктураны курбаса, анда 2021-жылдын биринчи айларында башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын өкүлү Дэвид Набарро Solothurner Zeitung менен болгон маегинде билдиргенин чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

«Европанын пандемияга каршы аракети жетишсиз болду. Алар биринчи толкунду көзөмөлгө алгандан кийин жай айларында керектүү инфраструктураны кура алышкан жок. Эми учурда пандемиянын экинчи толкуну бар. Эгерде алар азыр инфраструктураны курбаса, анда кийинки жылдын башында үчүнчү толкун болот», – деп эскертти Набарро.

Дэвид Набарро ар бир мамлекетте жергиликтүү деңгээлде инфекция жуккан адамдарды аныктоо процессин уюштуруу, ошондой эле ооруга кабылгандардын чынжырчаларын үзүү жана вирустун очокторун жайылтпай, кармоо зарылдыгын баса белгиледи.

«Батыш Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнүн милдети – вирусту изоляцияга барбастан көзөмөлгө алуу. Себеби бул өтө орой чара. Бул кымбатка турат», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: