Аламүдүн районунун аймагында белгисиз адамдын жансыз денеси табылган эркек кишинин өздүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-ноябрда түштөн кийин Аламүдүн капчыгайындагы “Теплые Ключи” аймагында борбор калаанын тургундары фотосессия өткөрүшкөн. Дарактардын биринде алар асылып турган кишини байкап калышкан, анын колу-буту скотч менен байланган.
Алар жансыз дененин табылганын милицияга билдиришкен жана окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен катталган.
Өлтүрүлгөн жаран Нарын облусунун 19 жаштагы тургуну О.Э.
“Кылмыштын бетин ачуу Ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды”, – деп билдиришти милициядан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ